ар. 1. ответ; жооп бер- 1) дать ответ; 2) нести ответственность; жооп айт- или жооп кайтар- отвечать; реагировать; ооз учунан жооп кайтарды он едва удостоил ответом; жоопко тарт- привлекать к ответу, к ответственности; жоопко тартыл- привлекаться к ответу, к ответственности; кылмыш жообуна тартылган он привлечён к уголовной ответственности; 2. развод (жене); жообумду бер дай мне развод; жооп сураш сев.этн. один из свадебных обрядов: отец жениха приезжает в аул родителей невесты для сговора о размерах калыма.
зат.1. Бирөөнүн берген суроосуна карата кайтарылып айтылган ой, пикир. Асан жооп бергенче, Токтогул суроосун айтып да жиберди(Аалы).Чаргын ага жооп таап айта албай карс-карс күлдү(Сыдыкбеков).Сырттан эч кандай жооп же табыш болгон жок(Жантөшев).
2. Математикалык маселелердин, мисалдардын эсептеп чыгарылган, чечилген жыйынтыгы, натыйжасы.
3. Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама.
4. Кылмышы, күнөөсү үчүн болгон жоопкерчилик.Менин атымды сатып жүргөн болсо, ал киши өзү жооп берет (Байтемиров).Жоопко тартуу.
replication (noun)
The process of copying content and/or configuration settings from one location, generally a server node, to another. Replication is done to ensure synchronization or fault tolerance.
1. Бир нерсе жөнүндө кайрылганда же суроо берилгенде ага карата кайтарылган ой, пикир, айтылган сөз. Дарыяхандын суроосуна Анархан жооп берген жок (Жантөшев). // Сабак боюнча коюлган суроолорго окуучулар, студенттер ж. б. тарабынан берилген баяндама. Билиш, талаш, суроо, жооптор башталат. Тыңшайт кана, жаңы окуучу көнбөгөн (Токомбаев). 2. мат. Математикалык маселелердин, мисалдардын чыгарылышындагы тыянак, жыйынтык, корутунду. 3. Өзүнүн иштеген ишине, жүрүш-турушуна, кылган күнөөсүнө ж. б. карата адамдын моюнундагы жоопкерчилик, милдет. Кишимжанды өзүңө ал, Өзүң жооп бересиң («Олжобай менен Кишимжан»). Ушул сөзүңүздү далилдей албасаңыз жоопко тартыласыз (Каимов). 2. Ээси тарабынан анын бир нерсесин алууга, пайдаланууга берилген мүмкүнчүлүк, уруксат. Бирөөнүн атын жообу жок минбе, алба (Токомбаев). || Каалоосу, ниети билдирилген ой, макулдук. Үйлөнүүгө кыздан жооп сурады (Токомбаев).
respond (verb)
To take action on an email message by either replying to the sender, to the sender and all recipients, or by forwarding the email to someone else.
ЖООП БЕРҮҮ УКУГУ – өзүнө карата жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) чындыка төп келбеген, болбосо жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кемсинткен маалыматтар таратылганда жарандын же уюмдун ошол ЖМКда жооп (түшүндүрмө, каяша) берүү укугу. «Жоопко жооп» ЖМКнын кийинки чыгарылышынан кечиктирилбестен берилет. Бул эреже редакциялык түшүндүрмөлөргө таратылбайт.
зат. 1. Белгилүү бир ишке милдеттүү түрдө жооп бере турган, жооптуу киши.
2. Сот аркылуу жоопко тартылган адам. Чыр-чатагы болучу, Довогерге жоопкер, Тогуз берип коюучу («Жазгыч акындар»).
ЖООПКЕР – сотто каралуучу жарандык иштин же арбитраждык сотто карала турган экономикалык талаш-тартыштын бир тарабы. Ж. көрсөтүлгөн доо талабына байланыштуу сот ишине тартылат. Жеке жак да, юридикалык жак да Ж. болушу мүмкүн.
ЖООПКЕР САКТООНУН МЕТАЛЛДЫК ЭСЕПТЕРИ – кардарлардын баалуу металлдарды эсепке алууга арналган, алардын жеке белгилерин (аталышын, баалуулуктардын санын, сынамыгын, өндүрүүчүсүн, сериялык номерин ж. б. ) сактоо менен банкта кармоого берилген эсептери. Эреже катары, бул эсептерди кардарлар баалуу металлдарды банктарда сактоо үчүн пайдаланышат жана алар банкка белгилүү акы төлөп турушат.
ЖООПКЕР САКТООЧУ – менчик түрүнө карабастан, Мамлекеттик материалдык корлор фонду тарабынан белгиленип, КР Өкмөтүнүн чечиминин негизинде белгилене турган мамлекеттик материалдык корлордун материалдык баалуулуктарын сактоону ишке ашыруучу чарбачылык уюму.
безответственность; ишке жоопкерсиздик мамиле безответственное отношение к делу; макала өтө жоопкерсиздик менен жазылган статья написана очень безответственно.
limited liability company (noun)
A business entity allowed for by state statutes in the United States that protects each owner (member) from personal liabilities but is not taxed since it passes all profits and losses to each member who is taxed accordingly.
ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЧЕКТЕЛГЕН КООМ – уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтерде аныкталгандай өлчөмдөрдө үлүштөргө бөлүнгөн, коомдун 1 же бирнече жактары тарабынан уюштурулган мекеме; жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт жана коомдун ишмердигине байланыштуу алар тарабынан кошулган салымдардын чегинде чыгым тартуу тобокелчилигин тартышат. Коомдун үлүштөрүн толук кошпогон катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча ар катышуучунун төлөнбөгөн салымдарынын бааларынын чегинде тилектеш жоопкерчилик тартышат. Ж. ч. к-дун аталышы коомдун аталышын, ошондой эле «жоопкерчилиги чектелген» деген сөздөрдү өзүнө камтуусу тийиш. Ж. ч. к-дун укук жобосу менен анын катышуучуларынын укуктары менен милдеттенмелери жарандык мыйзамдар мыйзам аркылуу аныкталат. Юридикалык жактын укуктук-уюштуруу тариздеринин бири.
Иштеген ишине, мойнундагы милдетине жооп берүүчүлүк, жооптуулук, милдеттүүлүк. Шыгай жоопкерчиликти сезет (Сасыкбаев). Сайкал өзүнө жүктөлгөн милдетин жоопкерчилик менен орундатуучу («Кыргызстан аялдары»).
1. Жооптуулугу, милдеттүүлүгү бар, маанилүү (иш). Бул жоопкерчиликтүү иш. 2. Жоопкерчиликти сезе билген, ишенимдүү, уяттуу. Эки үйдүн бел байлар жигити деп корсоюп, мен өзүмдү жоопкерчиликтүү сезем (Айтматов).
1. Жоопкерсиздик, өзүн жооптуумун деп эсептебегендик. Өз милдетине жоопсуз мамиле кылуу. 2. Жооп кайтарылбастык, жооп берилбестен. Анын суроосу жоопсуз калды. 3. сүйл. Уруксатсыз. Директордон жоопсуз эч жакка кете албайт.
Өз ара сүйлөшүп бири-бирине оюн, пикирин айтышуу, коюлган маселелер боюнча бири-биринен жооп алышуу, сүйлөшүп макулдашуу, кабарлашуу. Бала баатыр жиберди, Жооптошуп кайтсын деп (Жантөшев).
ответственный; жооптуу милдет ответственная задача; жооптуу редактор ответственный редактор; жооптуу кызматчылар ответственные работники; жооптуу болосуң ты будешь в ответе.
1. Күнөөлүү, айыптуу, кылмыштуу. Сот алдында жооптуу болдум. 2. Кандайдыр бир ишти аткарууда жооп бере турган, ошол ишти аткаруунун негизги жоопкерчилиги жүктөлгөн. Мен ошол күнү жооптуу дежурный элем («Ала-Тоо»). //Жоопкерчилик милдети жүктөлүү менен бирге, ишти аткарууда жана башкаруу жагында белгилүү укуктары бар. Жооптуу кызматкер. Жооптуу редактор. Жооптуу секретарь. || Кантондук партия комитетинин жооптуу катчысы – Акбаев (Сыдыкбеков). 2. Аткарууда өтө татаал, өтө маанилүү, жоопкерчилиги көп. Малды ашуудан ашырып алып келүү жооптуу да (Убукеев). Мойнуна жүктөлгөн коомдук милдет Динарга баарыдан жооптуу сезилди (Сыдыкбеков).
зат. Белгилүү бир ишке жооп берүүчүлүк, ошол ишти аткарууга милдеттүүлүк. Аскар азыр жооптуулукту сезди (Сыдыкбеков). Эмгекке жооптуулук менен кароого тарбиялоо.