1. Кайталануу ирети, мертебе. Садык районго нечен жолу барып келди (Байтемиров). Эки жолу Абдылда жигит болуп роль аткарган (Байтемиров). 2. Белгилүү бир мезгилде, учурда. Өткөн жолу байгени Маруся алган (Сыдыкбеков). Амантур бул жолу жөн эле окуу үйүнө кирип калды (Убукеев).
1. к. АК ЖОЛУ АЧЫЛУУ 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Ш. Үмөталиев).
1. к. ак жолу ачылуу. 2. Катташууга, барып-келип жүрүүгө шарты туура келүү, мүмкүнчүлүк алуу. Келинди отко кийирип койсок жолу ачылып калат эле («Чалкан»). Мейли, бирди-жарым катуу чатак чыгып кетсе, кийинкисине жакшы. Жолубуз ачылды (Үмөталиев).
Өз алдынча кетүүгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, өз башына өзү ээ эмес, бирөөгө көз каранды. Элди, жерди сагынганымды айтпа, кетейин дегенде эки көзүм төрт. Бирок, жолум байлануу («Ала-Тоо»).
Өз алдынча кетүүгө мүмкүнчүлүгү, укугу жок, өз башына өзү ээ эмес, бирөөгө көз каранды. Элди, жерди сагынганымды айтпа, кетейин дегенде эки көзүм төрт. Бирок, жолум байлануу («Ала-Тоо»).
Кандайдыр бир иши, көздөгөн максаты орундалбай, ордунан чыкпай калуу, иши оңолбоо. Асылжандан кийин акемдин аялдан жолу болбой калды (Сыдыкбеков). Жолу болбой Жолдубайдан жыгылды анын баары (Көчкөнов).
Кандайдыр бир иши, көздөгөн максаты орундалбай, ордунан чыкпай калуу, иши оңолбоо. Асылжандан кийин акемдин аялдан жолу болбой калды (Сыдыкбеков). Жолу болбой Жолдубайдан, Жыгылды анын баары (Көчкөнов).
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, – деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).
Иши оңунан чыгуу, ийгиликке жетүү, олжолуу болуу. Мына эми жолуң боло берди, Каранар сага буюруп туулуптур, баркына жетип асырап ал (Айтматов). Барган жериңерде жолуңар болсун, кошкула, - деди жолоочу (Абдукаримов). Андан жолу болуп бир тоодак атып алышты (Жантөшев).
этиш. Кезигүү, кездешүү, кез келүү; учурашуу.Бир кыйын окуяга жолуктум(Жантөшев).Он күндөн бери жол тосуп, Бүгүн араң жолуктум («Курманбек»).Ашыр Дашага да жолукту (Сасыкбаев).Омор менен мугалимдер көп жолугушат(Сыдыкбеков).
встречаться, повстречаться, повидаться; ага жолугуп кет повидайся с ним, зайди к нему, повстречайся с ним; жолдошуна жолукту он повстречался со своим товарищем; тандап, тандап, тазга жолукту погов. (девица) выбирала, выбирала, да на паршивого (жениха) напала (о слишком разборчивом человеке).
1. Кезигүү, жүздөшүү, учуроо, кездешүү. Ашыр Дашага да жолукту (Сасыкбаев). Он күндөн бери жол тосуп, Бүгүн араң жолуктум («Курманбек»). 2. Дуушар болуу, кез келүү, туш келүү, чалынуу. Бир кыйын окуяга жолуктум (Жантөшев). Аңдабай келип Элдияр, Азапка эми жолукту («Эр Табылды»).
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин, Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун, Абийири минтип жабылып («Сейтек»).
Иши илгери болбогон, иши оңунан чыкпаган, таалайсыз деген сыяктуу жемелөө маанисинде колдонулат. Төштүктүн тогуз агасы, Жолу каткан иттердин Акмактыгын карачы («Эр Төштүк»). Жоголгондор табылып, Жолу каткан чоронун Абийири минтип жабылып («Сейтек»).
Баштаган иши ийгиликтүү аяктабаган, кара жолтой, жолу болбогон. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Молдобасаным, мынча болду, жолу катуу агаңдын тилин ал (Бейшеналиев).
Баштаган иши ийгиликтүү аяктабаган, кара жолтой, жолу болбогон. Жолу катуу түгөт чал, Жолбун иттей улуп кал (Тоголок Молдо). Молдобасаным, мынча болду, жолу катуу агаңдын тилин ал (Бейшеналиев).
жолум (или жолум үй) джуламейка (небольшая юрта без кереге, которая обычно ставится для конских и овечьих пастухов); жолум үй тик- поставить джуламейку; жолум үйдөй чоюнбаш, бир жагына байланган фольк. (богатырь) привязал себе с одного бока булаву величиною с джуламейку; жолум үйдөй чоң даңкан төбөсүндө чыркырап фольк. ископыть (богатырского коня) величиной с джуламейку со свистом над ним пролетает.
: жолумүй — сайма алачык.
Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен(«Эр Табылды»). Жолум үйдөй даңканы, Кемпирди көздөй ыркырап(«Эр Төштүк»).
Чакан, кичирээк боз үй. Тез-тез орун алмашып көчүп-конуп же жортуулдап жүргөнгө ылайыкталып жеңил жасалган боз үй. Кээде кереге, түндүксүз эле ууктун баштары бириктирилип тигилген. Жолум үйдөй күрсү алган («Манас» С. К.). Жолум үй тик. Жарга тийген жеринен жолум үйдөй из калып (Жеңижок). Кеч бешимде Шамшы белинин тескейиндеги Туюк төрдө жылкычылардын жолум үйүнө түнөп түш оой айылга жакындашты. (Абакиров). Кош баш тиккен жолум үй, От чыгып жылт-жылт тешиктен(«Эр Төштүк»). Жолум үйдөй даңканы, Кемпирди көздөп ыркырап («Эр Төштүк»).
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тосуу, тоскоолдук кылуу. – Уккула! Ак жолума кимде ким чылбыр таштап, куранды аттай турган болсо, ар кимиңди мына ушундай жазалайм (Жоошбаев). В.: Жолуна бөгөт болуу. Же Тоголок Молдо акунума теңелбей, кол куушуруп жолуна бөгөт болбоюн дегенби? (Бейшеналиев).
Бирөөгө кыянаттык кылуу, жолтоо болуу, жолун тосуу, тоскоолдук кылуу. - Уккула! Ак жолума кимде ким чылбыр таштап, куранды аттай турган болсо, ар кимиңди мына ушундай жазалайм (Жоошбаев).
Бирөөнүн ишин улантуу, кылганын кылуу. -А Байымбетим, кара түйшүккө караганда кызыл тилден баар табаар, эрини жука, көзү тирүү, өмүр берсе, менин жолумду жолдоор (Бейшеналиев). Наркын тартып атанын, Жолун жолдоп бара албай («Сейтек»).
Бирөөнүн ишин улантуу, бирөөнүн артынан ээрчүү, бирөөдөн нуска таалим алып, ошондой болууга аракеттенүү, көрсөтүлгөн багыт боюнча жүрүү, багыт берген жолго түшүү. Эжеңдин жолун жолдоп, жаш эмессиңби, сен да ошондой алтын жылдыз тагынып калгың бардыр (Убукеев). – А Байымбетим, кара түйшүккө караганда кызыл тилден баар табаар, эрини жука, көзү тирүү, өмүр берсе, менин жолумду жолдоор (Бейшеналиев). Наркын тартып атанын, Жолун жолдоп бара албай («Сейтек»).
Бирөөнүн көрсөткөн жакшылыгына кандайдыр ишке жарап бергенине ж. б. карата сый катарында бир нерсе берүү, тартуулоо. Колдон келсе жолуңузду кылсак болот эле, бирок эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев). Эми, эмне болсо ошо болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Үмөталиев).
Кимдир бирөөнүн көрсөткөн жардамына, жакшылыгына карата сый көрсөтүү. Эми, эмне болсо ото болсун, ушул туягын бир балээ кылып бер, жолуңду кылайын (Ш. Үмөталиев). Колдон келсе, жолуңузду кылсак болот эле, эч нерсебиздин жоктугун көрүп турасыз (Жантөшев).
Кимдир бирөөнүн орунсуз иш жасаганына, чекилик кылып коюшуна, кылык-жоругуна карата кейип, өкүнгөндүгүн билдирип жемелөө иретинде колдонулат. – Ой, жолуң болгур, сүйүн дебейсиңби! (Бейшеналиев). – О, жолуң болгур десе, жүрөгүбүздү түшүрүп койбодуңбу (Байтемиров). Оо, жолуң болгур десе, сенин өзүңдүн маңдай териң менен тапкан акчаң бар эмеспи (Саатов). В.: Жолуң каткыр! Ой, жолуң каткыр! Ушундай да иш кыласыңбы? Э, жолу каткыр!
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолуң жакшы болсун, жолдо эч кырсыкка учурабай барып кел деген мааниде жакшы тилек кылуу, бата берүү иретинде колдонулат. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам! - деп карыя адам бата берди («Ала-Тоо»).
Жолго чыккан, жол тартып бараткан адамга карата жолуң жакшы болсун, жолдо эч кырсыкка учурабай барып кел деген мааниде жакшы тилек кылуу, бата берүү иретинде колдонулат. Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун, балам.! – деп карыя адам бата берди («Ала-Тоо»). В.: Жолуң шыдыр болсун! – Сааданбек, эми жакшылап айда, алдыңа кетейин... – Жолуң шыдыр болсун! (Жусупов).
Улуулугу бар, кадырлай турган, урматтай турган адам, кадырлуу, сыйлуу адам. Кичүү болгонуң менен сенин жолуң улуу, өйдө өт, өйдө өт, - деп калышты мага («Ленинчил жаш»). Жолу улуу киши.
Жаш курагына карабай сыйлануучу урматталууга жөнү бар, ызаатталууга жол берүүчү себеби бар адам, кадырлуу, сыйлуу адам. Кичүү болгонуң менен сенин жолуң улуу, өйдө өт, өйдө өт, – деп калышты мага. – Өт Баке, төргө, аяк алып ичер улуулугум болгон менен сен мага кайнагасың («Кыргызстан маданияты»).