1. топор; балта берди колума, салды токой жолуна фольк. в руки дали мне топор, направили к лесу; балта чап- 1) рубить топором; күрөктөй чоң колун балта чапкандай шилтеди он взмахивает огромной, будто лопата, рукой так, как будто рубит топором; 2) уст. сражаться, участвовать в сражении; ак балта топор заводского производства; кара балта или южн. кыргыз балта топор кустарного производства, род колуна; ай балта (или айбалта) 1) ист. бердыш; баатырлардын колдорунда ай балта в руках у богатырей бердыши; уңгусу болот айбалта фольк. бердыш со стальным обухом; 2) то же, что айбалка (см.балка); 2. перен.карт. валет; өгүз өлтүргөн чоң балта заправила (букв. большой топор, который убивает вола); балта жутар или балга жуткан 1) орёл-ягнятник или орёл-бородач (хищная птица); аңдыганы тарп экен балта жутар көк жору стих. орёл-ягнятник выслеживает падаль; 2) большеротый; балтам тап найди мой топор (название детской игры); балта чабар ист. род войска, снабжённого бердышами; балтасын чап- быть его поборником, его орудием, защищать его интересы; ал кимдин балтасын чабат? чьим он поборником является? чьи он интересы защищает?
Iзат.1. Жыгачты кесүү, жаруу жана сомдоо үчүн колдонулуучу, жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгулуу темир курал. Балтаны көтөргөнчө, дөңгөч эс алат (макал). Капитан менен Каныбек балта, балка алып келүүгө кетишкен (Жантөшев).
2. Карта оюнундагы кенже фигура. Чырымдын балтасы. Карганын балтасы. ♦ Айбалта—илгерки жоокерчиликте колдонулуучу жарым ай формасында жасалган курал. Ай балтаны таянып, Береги кайкы белеске, Басып чыктым жай алып («Эр Табылды»). Балтачабар — ай балта менен куралданган аскер. Балтажутар — эн, зор жору.
«Балта» сөзү түрк тилдеринин дээрлик бардыгында бар. Бул сөздүн келип чыгышы азырынча тактала элек, анткени бул куралдын аты да заты сыяктуу эле абдан эски. Айрым окумуштуулар аны байыркы перс тилиндеги «балта» маанисин билдирген «парату» деген сөздөн келип чыккан дешет. Ал эми башка бир этимологдор бул сөздүн чыгыш тегин андан да мурунку мезгилге, тактап айтканда, байыркы Ассирия менен Вавилон заманына байланыштырышат. Ошол эле учурда айрым тилчилер мында түрк тилдеринин өз материалдарын, атап айтканда, кыргыз тилиндеги «балчала» деген сыяктуу сөздөрдү да эске алуу керектигин эскертишет.
«Балта» сөзү монгол тилдеринен да кездешет. Бирок окумуштуулар монгол тилдеринде ушул эле маанидеги «сүке» деген сөз бар экенине таянуу менен бул сөздүн монгол тилдерине түрк тилдеринен өткөнүн божомолдошот. Мындан тышкары бул сөздүн иран, славян, арап, венгер, самодий тилдерине өткөнү белгилүү. Алсак, орус тилинин Оренбург говорунда бул сөз өзгөрүлбөстөн «балта» түрүндө колдонулса, маанилик жылышуудан улам «балда» сөзү пайда болгон.
Балта баарынан мурун эмгек куралы катары белгилүү. Заводдон чыккан балтанын пайда болушунан улам балталар «ак балта» же «орус балта» жана «кара балта» же «кыргыз балта» болуп айырмалана баштаган. Ал эми согуш куралы катары колдонулган балта «айбалта» деп аталган. Бул боюнча «Манас» эпосунун энциклопедиясында төмөнкүдөй маалымат берилген: «Айбалта – согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6-9-кылымдан бери белгилүү. Эпосто айбалта темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» айбалта дал ошондой курал.»
К.Юдахин өзүнүн айтылуу «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» балта чап- деген сөз айкашы эки маани бере тургандыгын белгилеген: «балта чап- 1) рубить топором; 2) уст. сражаться, участвовать в сражении». Ушул эле жерде илгери «балта чабар» деген өзүнчө аскер түрү болгонун да белгилеген. Азыр болсо «балта чабар» сөз айкашы фразеологизм катары колдонулуп, «шилтеген жакка бара берген, колунан бир нерсе келип, ишке жарай турган» деген маанини билдирет. Ал эми «балтасын чабуу» деген фразеологизм «камчысын чабуу» менен маанилеш келип, «бирөөгө кошомат кылып, сөзүн сүйлөө, талапташ болуу» маанисинде колдонулуп жүрөт.
Балтага байланыштуу кийин чыккан дагы бир сөздү К.Юдахин сөздүгүндө мындайча берген: «балтасын сууга түшүргөн орустай болуп погов. как русский, уронивший в воду топор (о человеке, оказавшемся беспомощным; киргизы привыкли видеть русских за стройкой, за ремёслами; главным орудием их труда был топор; под балта, видимо, разумеется и весь комплект орудий ручного труда)».
1. Жыгачты кесүү, жаруу, казык кагуу, ж. б. иштер, сомдоо үчүн колдонулуучу жазы жагы миздүү, экинчи жагы уңгулуу темир курал. Чоң балта менен килейген бир дүмүрдү жарып кирди (Байтемиров). Курч балта кыя кескен четиндин ичке, узун чыбыгы азыр Динардын колунда (Сыдыкбеков). 2. Ойнолуучу картанын фигураларынын төртүнчү даража- сынын аты. Чырымдын балтасы. Ачанын балтасы.
балтай I балтай-шалтай уст. (было в ходу гл. обр. среди барышников и маклеров) лишние слова, никчёмный разговор, вздор, пустяки; балтай-шалтайыңды кой! брось пустые разговоры! балтай- II быть толстым и неуклюжим; балтайган чоң громадина; ошол кезде балтайып алган кезим эле то было время, когда я разжирел.
рубить топором, действовать топором; карагайдан балталап комуз чаптым токойдо фольк. в лесу я сделал топором комуз из сосны; сегиз сарай казынам балталап оозун ачтырдым фольк. восемь дворцов своих богатств я приказал открыть, прорубив входы топорами; ай балтала- (или айбалтала-) рубить бердышом; айбалталап чокусун, оюп кетип баратыр фольк. макушки им он дробит бердышом; найза менен сайышып, айбалталап урушуп фольк. коля друг друга пиками, сражаясь на бердышах.
Балта менен чапкылоо, кандайдыр бир иште балтаны колдонуу. Карагайдан балталап, Комуз чаптым токойдо (Токтогул). Сегиз сарай казынам Балталап оозун ачтырдым («Эр Төштүк»).
взаимн. отбалтала- 1. совместно рубить топором; 2. сражаться на бердышах; балталашып салышып, балта сынып быркырап, сабы колдо калды эле фольк. сразились они на бердышах, бердыши сломались, разлетелись вдребезги, в руках остались рукоятки.
БАЛТАМАТ — кейипкер, бараң элинин баатыры. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас батыш тарапка жортуул жасап, бараңдын каны Балтаматты каратат, башка эпизоддордо да аты эскерилет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» алыскы элдин кандарынын катарында саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 9). Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей менен араздашкан Чынкожо Балтаматтын канаттуу кара атын, мылтыгын уурдап келип Айчүрөккө күйөөлөп барган Семетейге каршы асмандан уруш ачат. Айрым изилдөөчүлөр Балтаматтын образын Бонапарт Наполеон менен тогоштурушат. Мүмкүн, манасчылар сабаттуу адамдардан Бонапарт бараңдын (франктын) атактуу кол башчысы болгонун угушуп, эпоско кийинки эле мезгилдерде киргизишкен.
Шилтеген жакка бара берген, каруу-күч талап кылган иштерге жарай турган. Момундарды дүрбөткөн чыр башы, алардын балта чабары Мамбет. Мырза чындап анын көзүн тазалоого ызырынды (Бейшеналиев).
Шилтеген жакка бара берген, колунан бир нерсе келип, ишке жарай турган. Момундарды дүрбөткөн чыр башы, алардын балта чабары Мамбет. Мырза чындап анын көзүн тазалоого ызырынды (Бейшеналиев).