Энциклопедия "Манас". ч.1.

БАЛТАМАТкейипкер, бараң элинин баатыры. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас батыш тарапка жортуул жасап, бараңдын каны Балтаматты каратат, башка эпизоддордо да аты эскерилет. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашында» алыскы элдин кандарынын катарында саналып өтөт (Сагымбай Орозбаков, 3. 9). Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында Семетей менен араздашкан Чынкожо Балтаматтын канаттуу кара атын, мылтыгын уурдап келип Айчүрөккө күйөөлөп барган Семетейге каршы асмандан уруш ачат. Айрым изилдөөчүлөр Балтаматтын образын Бонапарт Наполеон менен тогоштурушат. Мүмкүн, манасчылар сабаттуу адамдардан Бонапарт бараңдын (франктын) атактуу кол башчысы болгонун угушуп, эпоско кийинки эле мезгилдерде киргизишкен.