Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Балта» сөзү түрк тилдеринин дээрлик бардыгында бар. Бул сөздүн келип чыгышы азырынча тактала элек, анткени бул куралдын аты да заты сыяктуу эле абдан эски. Айрым окумуштуулар аны байыркы перс тилиндеги «балта» маанисин билдирген «парату» деген сөздөн келип чыккан дешет. Ал эми башка бир этимологдор бул сөздүн чыгыш тегин андан да мурунку мезгилге, тактап айтканда, байыркы Ассирия менен Вавилон заманына байланыштырышат. Ошол эле учурда айрым тилчилер мында түрк тилдеринин өз материалдарын, атап айтканда, кыргыз тилиндеги «балчала» деген сыяктуу сөздөрдү да эске алуу керектигин эскертишет. «Балта» сөзү монгол тилдеринен да кездешет. Бирок окумуштуулар монгол тилдеринде ушул эле маанидеги «сүке» деген сөз бар экенине таянуу менен бул сөздүн монгол тилдерине түрк тилдеринен өткөнүн божомолдошот. Мындан тышкары бул сөздүн иран, славян, арап, венгер, самодий тилдерине өткөнү белгилүү. Алсак, орус тилинин Оренбург говорунда бул сөз өзгөрүлбөстөн «балта» түрүндө колдонулса, маанилик жылышуудан улам «балда» сөзү пайда болгон. Балта баарынан мурун эмгек куралы катары белгилүү. Заводдон чыккан балтанын пайда болушунан улам балталар «ак балта» же «орус балта» жана «кара балта» же «кыргыз балта» болуп айырмалана баштаган. Ал эми согуш куралы катары колдонулган балта «айбалта» деп аталган. Бул боюнча «Манас» эпосунун энциклопедиясында төмөнкүдөй маалымат берилген: «Айбалта – согуштук курал. Байыртадан көп элдер колдонуп келген. Ал курч темирден жарты ай сымак жасалып, катуу жыгач менен сапталат. Кыргыздарда согуштук балталар 6-9-кылымдан бери белгилүү. Эпосто айбалта темир менен болоттун ширетүүсүнөн жасалып, сабы ыргай, ага кайыштан бүлдүргү тагылат. Айрым учурда алтын менен кооздолот. «Манастагы» айбалта дал ошондой курал.» К.Юдахин өзүнүн айтылуу «Кыргызча-орусча сөздүгүндө» балта чап- деген сөз айкашы эки маани бере тургандыгын белгилеген: «балта чап- 1) рубить топором; 2) уст. сражаться, участвовать в сражении». Ушул эле жерде илгери «балта чабар» деген өзүнчө аскер түрү болгонун да белгилеген. Азыр болсо «балта чабар» сөз айкашы фразеологизм катары колдонулуп, «шилтеген жакка бара берген, колунан бир нерсе келип, ишке жарай турган» деген маанини билдирет. Ал эми «балтасын чабуу» деген фразеологизм «камчысын чабуу» менен маанилеш келип, «бирөөгө кошомат кылып, сөзүн сүйлөө, талапташ болуу» маанисинде колдонулуп жүрөт. Балтага байланыштуу кийин чыккан дагы бир сөздү К.Юдахин сөздүгүндө мындайча берген: «балтасын сууга түшүргөн орустай болуп погов. как русский, уронивший в воду топор (о человеке, оказавшемся беспомощным; киргизы привыкли видеть русских за стройкой, за ремёслами; главным орудием их труда был топор; под балта, видимо, разумеется и весь комплект орудий ручного труда)».