адам I ар. (по имени библейского Адама) человек; адам адамга жолдош, дос жана бир тууган человек человеку товарищ, друг и брат; адам баласы человечество; человек; адамдан башка см.башка 1; адам бол- стать человеком (с присущими ему хорошими качествами); мындай кылсаң, адам болбойсуң если ты так будешь поступать, то из тебя человека не выйдет; ал адам болбойт (о больном) он не поправится; адам кыл- вывести в люди, сделать человеком. адам II (или эмоционально сильнее адам-эй) возглас удивления (чаще употребляется женщинами); адам, бизче сүйлөп олтурбайбы! ой, да он ведь по-нашему говорит!; адам, коюңузчу! да что вы (этого быть не может) !; вот как!, вон как!; смотри-ка ты!; адам-эй, сени да көрөт экемин! наконец-то тебя вижу!; кого я вижу!
Iзат. Ойлоо жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон, өндүрүш куралдарын иштеп чыгып, аны коомдук эмгекте пайдалана алуучу тирүү жан, киши. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Космоско барган биринчи адам — советтик адам, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун гражданини! («Советтик Кыргызстан»).
♦ Адамбаласы — адамзат, дүйнөдөгү, жер жүзүндөгү кишилер. Адамболуу — эр жетүү, киши катарына кошулуу. Адамкүнү — бир жумуш күнүнүн ичиндеги бир адамдын иштеген жумушунун өлчөмү менен эсептеле турган жумуш убактысын эсепке алуунун единицасы. Адамата — диний түшүнүк боюнча: дүйнө жүзүндө эң биринчи пайда болгон адам.
АДАМIIсырд. Таң калгандыкты билдирүүдө колдонулат. — Адам, биздин жолоочулар менен бирге, былтыркы Мыскал деген кыз келиптир(Сыдыкбеков).
адам (киши) адам-ата адам-күн адам-саат адам баласы адам болуу адам катарына кошулуу адам оозуна алгыс адам укугу адам укугунун жалпы декларациясы адам-компьютер катышы адам аласы ичинде
1. Акылы, ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, өндүрүш куралдарын жасап жана эмгек процессин пайдалана билген жан, киши. Адамды адам кылып баккан эмгек (Бөкөнбаев). – Корккон жоксуңбу, булар деле адам окшойт ко?.. (Касымбеков). 2. Жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнө топтогон, жакшы сапаттары бар киши. Сасыкбай, сен адам эмессиң, жүрөгүң жыландын уусуна жык толгон (Байтемиров). Эгер ал адам болсо, бирөөгө ушунчалык кордук көрсөтөт беле? (Абдукаримов). 3. Бой тарткан, акыл-эси, билими бар, колунан иш келген киши (өспүрүм, жаш адамдарга карата). Динар жоголгон койлорду табышып берди. Адам болот деген ушул (Сыдыкбеков). Карачы, ушул мектептен окуп жаткан менин Бекжаным бир адам болуп чыгар («Ала-Тоо»).
Таң калгандыкты, кубангандыкты билдирет. Адам ээй, кагылайын, карасаң, бөйтөйүп турганын («Ала-Тоо»). – Адам, биздин жолоочулар менен бирге былтыркы Мыскал деген кыз келиптир (Сыдыкбеков).
Кишинин сырын сыртынан билүү кыйын, жаман-жакшысы ичинде деген мааниде. Адам аласы ичинде эмеспи, балким сиздин шегиңиз бардыр кимдир бирөөдөн? (Борбиев).
АДАМ АТА — мифологиялык кейипкер. Библия менен куранда адамзаттын түпкү атасы. А.А. менен Аба Эне — жарык дүйнөгө эң биринчи жаралган адамдар. Ал экөө азезилдин тилине кирип азгырылып кудайдын айтканын аткарбай күнөкөр болуп, бейиштен куулуп, ошондон кийин эмгек этүү менен жер үстүндө күн өткөрүп калышкан. Бул Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Алмамбет баатырдын окуясында» Көкчө тарабынан кеңири баяндалса, башка манасчыларда элге мурдатан белгилүү аңыз катары эскерилет.
1. Эр жетүү, эс тартып, киши катарына кошулуу. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген ырас тура, баягы жаманы бой жетип, адам болуп, азыр баарын баккан ошол («Кыргызстан маданияты»). 2. Оорудан айыгуу, жакшы болуу, баш көтөрүү. Апамдын адам болор-болбосуна көзүм жетпейт. Оорусу күчөп баратат! - дедим («Ала-Тоо»).
1. Эр жетүү, эс тартып, киши катарына кошулуу. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген ырас тура, баягы жаманы бой жетип, адам болуп, азыр баарын баккан ошол («Кыргызстан маданияты»). 2. Оорудан айыгуу, жакшы болуу, баш көтөрүү. Апамдын адам болор-болбосуна көзүм жетпейт. Оорусу күчөп баратат! – дедим («Ала-Тоо»). В.: Киши болуу. Жаман чүрпөсү киши болуп калды. Мал болуу. Ажал жетпегенге айла жок экен, алты ай төшөктө жатып, мына, эми мал болуп калды («Чалкан»).
зат. Гумандуулук, адамды жакшы көрүүчүлүк, адамга тиешелүү жакшы мамилелер, сапаттар. Мойнуңа кылыч такап, башыңа өлүм келсе да, адамгерчилигиңден ажыраба (Жантөшев).
Адамдагы сылык мамиле кылуу, жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо сапаттары; гумандуулук. Көсөн кагылайындын адамгерчилигине ыраазы болдум (Каимов). Токтор аксакалдын адамгерчилиги элден өзгөчө да! (Абдукаримов).
АДАМДАРДЫН ТОБУ АЛДЫНАЛА СҮЙЛӨШҮҮ БОЮНЧА ЖАСАЛГАН КЫЛМЫШ – КР кылмыш-жаза мыйзамдары боюнча жасоого 2 же андан көп адамдар аны биргелешип жасоо тууралуу алдынала макулдашып алышып жасалган кылмыш.
АДАМДҮК — мифологиялык кейипкер. «Манаста» А. дөөнүн образы жамандыктын символу катарында берилет. Анын жомоктук образы Сагымбай Орозбаковдун вариантында кеңири чагылдырылган. Эпостун «Дөө-пери жомогу» деген эпизодунда Кутубий адамдын алы жетпөөчү А-тү маңдайындагы жалгыз көзүнө атып өлтүрүп, ал туткундаган адамдарды бошотуп, байлыгын аларга бөлүп бергендиги баяндалат. А. тиричилик каражаттарын өндүрбөйт. Түрдүү өсүмдүктөр, мөмө-жемиштер, жан-жаныбарлар менен азыктанат. Ошондой эле үңкүрлөрдө жашап, киши этин жейт. Акыл жөндөмү чектелген А. өзгөчө чоң көлөмгө, чексиз кара күчкө ээ. А-түн аң уулап барган адамдарды кармап алып, үңкүргө камап, шишкебек кылып жеши жөө жомоктук мотивдерге жатат. А-түн тоонун ээси болуудан башка байыркы адамдардын чектелген түшүнүгү менен шартталган дагы бир өзгөчө сапат белгиси бар, ал — оорунун, өлүм-житимдин ээси, духу. Бул белги анын киши этин жегендигинен, башкача айтканда өлүмгө себепчи болгондугунан айкын көрүнөт. Ушул белгиси аркылуу А. адамга, болгондо да бардык адамдарга жат тескери күчтөрдүн тибине жатат. Ошон үчүн баатырдык эпостордун алгачкы үлгүсүнүн туруктуу терс кейипкери болгон антропоморфтук типтеги жомоктук-фантастикалык жалгыз көздүү дөөлөр конкреттүү бир элдин душманы болбостон, жалпы адамзаттын эң коркунучтуу душманы катарында мүнөздөлөт. «Дөө-пери жомогунда» баяндалган А. мына ушундай типтин элеси. Анын мифтик образы түрк-моңгол элдеринин фольклорунда кеңири кездешет.
С. Алиев
АДАМДЫ БАРЫМТАГА АЛУУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган коомдук тартипке жана коомдук коопсуздукка каршы кылмыш. Барымтага алынган адамды бошотуунун шарты катары мамлекетти, эларалык уюмду, юридикалык же жеке жакты кандайдыр бир аракетти жасоого же жасатпай коюуга мажбурлоо максатында адамды барымтага алууну жана/же кармоону түшүндүрөт.
1. вид, образ человеческий; анын көрүнүшүндө адамдык сүрөт жок он потерял облик человеческий (он похудел, у него жалкий вид); 2. (ср. адамчылык) человечность, доброта; ашкан сулуу жаркырап, адамдыгы дагы бар фольк. блистает красавица несравненная, и доброта у неё есть.
1. Жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнө топтогондук. Эл кадырын билбеген Адамдыкка жарабас («Курманбек»). 2. Адам баласына таандык. Өлгөнгө топурак салыш ар кимдин адамдык милдети (Убукеев).
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МИЛДЕТТЕРИ – конкреттүү мамлекеттин анын аймаганда турган баардык адамдардын жүрүм-турумдарына, же болбосо ал мамлекеттин жарандарынын алардын кайсыл жакта жүргөндүктөрүнө карабастан, алардын жүрүм-турумдарына карата конституциялык-укуктук ченемдерде чагылдырылган талаптары. КРде КР Конституциясына ылайык анын аймагында жашаган ар бир адамдын конституциялык милдеттери: жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарына сарамжал мамиле кылуу, тарыхий жана маданий мурастарды коргоого кам көрүү, тарыхий жана маданий эстеликтерди сактоо ж. б. болуп саналат. КР жарандарынын гана А. ж. ж. к. м. КР Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо жана Атамекенди коргоо болуп саналат.
АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК УКУКТАРЫНА ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, КР Конституциясында бекемделген жарандардын саясий, социалдык жана жеке укуктарына жана эркиндиктерине кол салган коомдук коркунучтуу, күнөөлүү жосун (аракет же аракетсиздик). Адамдын жеке жашоосунун колтийбестигин бузуу; шайлоочулардын добуштарын сатып алуу; эмгек жөнүндө мыйзамдарды бузуу ж.б. ошондой кылмыштардан болуп саналат.
АДАМДЫН ЖАШОО ЧӨЙРӨСҮ – айлана-чөйрөнүн (табигый жана жасалма) адамдын жашоо-тиричилигин аныктаган объектердин, курулуштардын жана тийгизген таасирлердин жыйындысы.
АДАМДЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК-УКУКТУК СТАТУСУ – конституцияда кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле аныкталган милдеттердин жыйындысы. Заманбап демократиялык мамлекеттерде А. к. у. с-нун негизги принциптери: ага таандык укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгы, укуктардын жана эркиндиктердин кепилдениши, тең укуктуулук, адамдын укуктарынын, эркиндиктеринин жана милдеттеринин бирдиги жана өзара байланыштуулугу.
АДАМДЫН МАДАНИЙ УКУКТАРЫ – маданий жана илимий турмуш чөйрөсүндө адам мүмкүнчүлүгүнө конституция жана мыйзамдар тарабынан кепилдик бериле турган укук менен эркиндиктердин өзгөчө топтому. А. м. у-на билим алуу укугу, окутуу эркиндиги (академиялык эркиндик), чыгармачылык эркиндиги, маданий турмушка катышуу жана маданият мекемелерин пайдалануу укугу, маданий байлыктардан пайдалануу укугу кирет. Ошентип, А. м. у. социалдык дагы (м.: билим алуу укугун), жеке дагы (м.: чыгармачылык эркиндикти) укук менен эркиндиктерди камтыйт. КРде ал КР Конституциясында бекемделген.
АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ – адамдын (же дайындуу мамлекеттин жарандарынын) белгилүү бир конституциялык укуктарынын жыйындысы, алар мамлекеттен материалдык убайларды (байлыктарды) алуу үчүн талаптанууга мүмкүндүк берет (белгилүү бир шарттарда). Адатта А. с. у-на социалдык камсыздоого укуктуулук, билим алууга укуктуулук, денсоолукту сактоого жана медициналык жардамга укуктуулук, туракжайга укуктуулук, балдардын өзгөчө укуктары жана майыптардын укуктары кирет. А. с. у. дүйнөдөгү баардык эле өлкөлөрдө конституциялык деңгээлде бекемделген эмес. Кыйла толугураак көлөмдө алар «социалисттик» жана «постсоциалисттик» делген мамлекеттердин конституцияларында жарыяланган. Кээбир өнүккөн, ошондой эле өнүгүп жаткан өлкөлөрдө А. с. у. экинчи дүйнөлүк согуштан кийин жарыялана баштаган, бирок, адатта аларды соттук коргоо камсыз кылынган эмес.
АДАМДЫН УКУКТУК СТАТУСУ – мамлекет тарабынан (мыйзамдык тартипте) таанылган жана кепилденген укуктардын, эрикиндиктердин жана милдеттердин, ошондой эле укуктун субъекти катары адамдын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын тутуму. Укуктар жана эркиндиктер – жарандын мамлекет тарабынан таанылган жана камсыз кылынган социалдык мүмкүнчүлүктөрүн, ал эми милдеттери – мамлекеттин жаранга, анын жүрүм-турумуна карата талаптарын билдирет.
АДАМДЫН ЭКОНОМИКАЛЫК УКУКТАРЫ ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИ – адамдын экономикалык чөйрөдөгү юридикалык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоочу конституциялык укуктарынын жыйындысы. Азыркы демократиялык мамлекеттерде: жеке менчикке укуктуулук (анын ичинде жерге жана акыл-эс ишмердигинин жыйынтыктарына), мурастоого укуктуулук, жеке ишмердик (чарбакерлик өз демилгелүүлүк) эркиндиги, эмгектенүү эркиндиги жана башка эмгек укуктары, анын ичинде, иш таштоо, ишкананы башкарууга катышуу укуктары адамдын негизги экономикалык укуктары жана эркиндиктери болуп саналат. А. э. у. ж. э. мындай чөйрөсү көптөгөн өлкөлөрдүн Конституцияларында бекитилген.
Адам баласы, Адам уулу. Адам заада пенденин, Азат бою дүркүрөп («Семетей»). Адам зат жерге батабы, Ажалы жетип өлбөсө (Токтогул). Ушул ажайып, ушул бейжай дүнүйөдөн кетеримде жанымда бир Адам заада болбогону кызык болду а?! (Касымбеков).
ар. -ир. человеческое существо, человек; люди; человечество; адамзат коому человеческое общество; тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат погов. горы и камни вода разрушает, а людей - слово (ложь, клевета).
зат. Адам баласы, бүткүл адам. Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат (макал). Коммунизмдин идеялары адамзаттын жолун дагы жаркыратып жарык кылат («Коммунист»).
1. Киши, адам баласы. Адамзат көзү барда көп байкалбай, Жок болсо «кайран ай» деп сагындырар (Осмонов). 2. Эл-журт, бүткүл адам баласы. Адамзаттын ичинде Кут жараттың, дүнүйө! (Жеңижок). Адамзатта Айтматовдой эч ким жок, Адам эмес, айбандарды баалаган (Акматалиев).
АДАМ ИШМЕРДИГИНИН ЖАГЫМДУУ ЖАГДАЙЛАРЫ – жашап турган чөйрөнүн абалы, анда адамга терс таасир этүү факторлору болбогон жана адамдын организминин бузулган функциялары калыбына келтирүүчү мүмкүндүктөр.
АДАМ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ — «Манас» эпосунда дүйнөнү, өзүн курчап турган чөйрөнү аң-сезимдүү, максатка ылайыктуу өзгөртүү жана кайра түзүү багыттарындагы адамдык аракеттердин көп түрдүү формалары катары көрүнөт. Анын ичинде коомдун, элдин турмушунун бардык чөйрөлөрүнөн орун алуу менен, асыресе материалдык жана рухий жактан даана байкалат. Өзүнүн көп кылымдык өнүгүү тарыхында башка элдердей эле кыргыз эли да эмгек ишмердиктери, социалдык чыгармачылык аракеттери менен улам алга умтулуп келген. Бул жагдай «Манас» эпосунда жалпысынан алганда тарыхый, социалдык-экономикалык, турмуш-тиричиликтик, жашоо ыңгайлары менен ажырагыс байланышкан ишмердиктин эки түрү: практикалык же предметтик ишмердик (К. Маркс) жана рухий ишмердик тараптарында ачык сезилет. Эпостун мазмуну айгинелеп тургандай кыргыз элинин көп кылымдар бою көчмөн турмушта жашап келген ишмердүүлүк аракеттери да негизинен ушул жагдайлар менен шартталган. Элдин эмгек ишмердүүлүгүндө тигил же бул даражада дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, уздук чеберчилик, аңчылык сыяктуу аракеттер орун алган. Мында адамдардын үй айбандарына, андан калса жапайы айбандарга жасаган мамилеси өзгөчө мааниге ээ болгон. Бул жерде адегенде эле элдин төрт түлүк малга айрыкча тен берип, пайдасын көрүү жагынан кыйла билгичтикке жетишкендикти баса белгилеп өтүүгө туура келет.
Ар бир тарыхый шарттын, коомдук турмуштун жашоо ыңгайларынын, тиричилик жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн бөтөнчө түрлөрү да пайда болгон. Маселен, «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылган жылкычылык жана жоокерчилик багытындагы ишмердүүлүк да ушуну ырастайт.
Дегеле, көчмөндөрдүн байлыгы, дөөлөттүгү, салмагы, демдүүлүгү малдын саны менен өлчөнүп, мунун негизин дайыма жылкы түзүп келген. Мында жылкы, биринчиден, оокат азыктын булагы, экинчиден, жоого минчү ат, үчүнчүдөн, аш-тойлордун, оюн-тамашалардын шааниси, төртүнчүдөн, «универсалдуу унаа» катарында кыргыздардын жашоо-тиричилигинде, жоокерчилик турмушунда чоң роль ойногон. Бул жерде анын эки гана учуруна токтолуп өтүүгө туура келет. Мында адегенде эле анык байлык, мүлк, дөөлөт гана эмес, дал ушуларды табуунун да эң алгылыктуу, бирден бир каражаты экендигин да бөлө белгилеп кетүү зарыл. Бул жерде кеп, албетте, күлүктөр, жорголор жөнүндө болуп жатат. Даңазалуу күлүктөр ар кандай аш, тойлордо жарышка салынып, кээде өтө чоң байгелерди жеңип алуу менен ээсин заматта дүнүйөгө, мүлккө карк кылган. Буга айкын далил катары Көкөтөйдүн ашында чабылган аттарга сайылган баш байгени келтирсек болот:
Баш байгеге сайганы
Сексен миң жылкы, миң атан,
Жана жүз миң кой болду
Эсебин малдын ала албай,
Эл жакшысы буй болду,
Жабык башы кундуздан,
Жана токсон үй болду.
Үй башына карасаң
Бирден эркек ээси бар
Экиден шайдоот күң болду (Сагымбай Орозбаков, 3. 146).
Ушундай байгени жеңип алган күлүктүн баасын ченеп айтуу, албетте, кыйын. Атагы чыккан мыкты тулпарлар, аргымактар, тобурчактар, буудандардын даңкы баатырлардын даңкынан кем калган эмес. Алар кээде уурдап кетүүлөрдүн, зордоп тартып алуулардын объектиси, талаш-тартыштардын, жаңжалдардын шылтоосу болуп турган. Мисалы, Көкөтөйдүн ашында кытай баатыры Коңурбайдын «Мааникерди бер» деп чыр салганы.
Күлүктөр жөнүндө сөз болгондо дагы бир жагдай жоокердин аты тууралуу айтып өтүү абзел. Элдин, алардын ичинен чыккан баатырлардын тышкы душмандар менен тынымсыз кармашууларда, эрегишүүлөрдө, эрөөлдөрдө болушу жоого минчү аттардын өзүнчө түрүн пайда кылган. Ар бир баатырдын өзүнүн жоого минчү энчилүү аты болгон. Маселен, Манастын Аккуласы, Алмамбеттин Сараласы, Семетейдин Тайбуурулу жана башкалар Булар таймашта да, кармашта да чечүүчү мааниге ээ болгон. Баатырдын өзүнүн атынан ажырашы анын жеңилиши катары каралган. Эпосто жоокердин аты негизинен согуштук окуяларда сүрөттөлүп, күлүк, күчтүү, чыдамкай, талбас, шамдагай, ал түгүл канаты бар сыяктуу сапаттар менен мүнөздөлүп, аларга өтө чоң баа берилет.
Төрт түлүк, асыресе жылкы менен тиричилик кылган кыргыздар ал жөнүндө көп нерселерди билип, терең түшүнүктөрү болгон. Элдин арасынан атактуу саяпкерлердин, сынчылардын арбын чыгышы да ушул жагдай менен ажырагыс байланышкан. Маселен, алар бээнин кандай күлүк туурун, келечекте ал күлүк кандай болорун, же конкреттүү бир жылкыны көргөндө аны ар тараптан сыпаттап да кандай экендигин бир көргөндө эле аныктап бере алышкан. Ошондуктан, кээ бир саяпкерлердин, сынчылардын элдин эсинде сакталып, аңыз сөзгө айланып калышы кокусунан эмес.
Саяпкерлик, сынчылык жөндөм тубаса болуу менен баарыдан мурда узак тажрыйбадан жана үзгүлтүксүз байкоолордон келип чыккан белгилүү маалыматты, тагыраак айтканда адамдардын акыл-эс өнүгүүсүн айгинелеген рухий ишмердүүлүктү күбөлөйт. Мунун издери эпосто күлүктөргө, жалпы эле аттарга берилген мүнөздөмөлөрдө кеңири учурайт. Маселен, Мааникер «чалгынга минсе чарчабас, оорукка минсе оорубас», Сарала «кетмен туяк, кең соору, керишке минер мал» катары сыпатталат. Көкөтөйдүн ашында чабылган күлүктөр тууралуу мындайча айтылат:
Саяпкерге көп түлүк
Өркөчү бийик, зээри бас
Өкүм күлүк бир канча
Өөдө жерден ноюбас
Токсон күн минсе жоорубас,
Тобурчак бар бир канча...
Кара байыр, казанат
Калбыр өпкө, жез канат,
Камыш кулак, сом туяк
Каса тулпар андан көп... (Сагымбай Орозбаков, 3. 148).
Мында көрүнүп тургандай, байгеге кошулган күлүктөрдү кеңири сын-сыпаттоо гана эмес, алардын түрлөрүн тандоо, «жөндөмдүүлүктөрүн» таасын аныктоо да өтө жогору билгичтикте берилген.
Жыйынтыктап айтканда, эпосто кыргыз элинин жылкычылык жөнүндөгү түшүнүктөрү, байкоолору терең жана таамай. Чыгармада жылкынын өңү-түсүн шөкөттөө үчүн эле 200дөн ашык сөздөр кездешет. Ал эми жылкычылыкка тийиштүү сөздөрдү, сөз айкалыштарын алып көрсөк, алардын саны 1000ден ашат. Муну кыргыз элинин жылкычылыкка тийиштүү рухий ишмердүүлүгүнүн натыйжасы катары кароо абзел.
Эпосто даана байкалган А. и-нүн дагы бир салаасы — жоокерчилик. Бул дагы кыргыз элинин көчмөн турмушунан, жашоо үчүн болгон татаал тагдырынан келип чыккан. Дегеле тынбай көчүп-конуп жүрүү, жайыт талашуу жоокерчилик доордун шартында малга, анын ичинде жылкы тийип алуу, уруу-уруу менен жаңжалдашып туруу адамдарды дайыма сак, шамдагай болууга үйрөткөн. Бөтөнчө тышкы душмандардын күтүүсүздөн кол салып, элдин малмүлкүн талап, өзүн айдап кетүү, аны туулган жеринен ажыратуу сыяктуу баскынчылык жортуулдар элдин көзүн ачып, дайыма кыраакы болууга, жоого каршы даяр, камдуу турууга, канды-жанды аябай кармашууга мажбур кылган. «Мына ушундай кырдаалдардын аркасында, — деп жазган В. В. Радлов, — кара кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин өзүлөрүнө өтө мүнөздүү жоокердик салтын сактап калган. Ар бир боз үйдүн жанында найза турат». Демек, жоо менен кармашуу, коргонуу, аны айдап чыгуу, же талкалоо элдин ушул багыттарда тынбай изденүүлөрүнө, аракеттенүүлөрүнө алып келген. Эпосто бул жагдайдагы ишмердүүлүктөрү негизинен баатырдын, эрдин, аскердин жоо-жарактарын жасоо иштеринде таасын байкалат. Маселен, баатырдыкты алсак, дегеле жоокерчилик заманды ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал, биринчи кезекте адамдын жеке сапатын мүнөздөп турат. Алсак, Манасты сыпаттаган арстан, жолборс, кабылан, көк жал жана башкалар эпитеттер ага анчейин тотемдик түшүнүктөн эмес, көркөм каражат катары анын уруштагы, кармаштагы жекече артыкчылыгына, жоокердик мыкты өзгөчөлүктөрүнө, жалпы эле баатырдык турпатына карата ыйгарылган. Же болбосо баатырлардын жекече жоо-жарактарын алып көрөлү. Манастын Зулпукору, Алмамбеттин Жойкумасы, Бакайдын Кылболоту, Чубактын Ачалбарсы, Сыргактын Наркескени өздөрүнө таандык кылычтар. Алар өзүнүн куралы менен гана мыкты согуша алат. Мындан жалпы эле баатырлардын жеке жөндөмдүүлүгүнө, ыктуулугуна, илээкерлигине ылайык куралга ээ болуунун өзү рухий зор ишмердүүлүктү талап кылгандыгы ачык байкалат. Мыкты найзакер, таамай аткыч болуу, же кылычты бек кармап ээрде бекем олтуруу жана башкалар жоокерчилик сапаттар талбаган, тынбаган машыгуулардын негизинде жетишилген. Баатырлык, балбандык сапат рухий турмуштун ажырагыс бөлүгү болуп калгандыктан, аш-тойлор, элдик тамашалар жана башкалар алардын катышуусуз өткөн эмес. Эр сайыш, балбан күрөш, эңиш, көкбөрү тартуу жана башкалар намыс талашуу, намысты алдырбоо ыңгайында өтүп, өзүнүн курчтугу жагынан жоо менен кадимкидей таймашты, эрегишти элестеткен. Ушундан улам кыргыздарда балдарды жашынан баштап, ушул багыттарга жөндөмдүү (тырышчаак, чапчаң, бышык, ыктуу, күчтүү, тартынбас, жалтанбас) болууга тарбиялоо негизги максат болуп келген.
Эпосто баатырдыктын чагылышы көп кырдуу, ар жактуу (к. Баатырдык, Каармандык). Чыгармада ал нечендеген каармандардын образдарында сыпатталуу менен коомдук прогрессивдүү көрүнүш катары, асыресе элдин бийик рухий дараметин ырастап турат. Анын ичинде аскер жагында да бийик деңгээлге жетишкен. Мында адегенде эле «аскердик демократияны» эске алуу абзел. Бул курал кармаганга жарактуунун баарысы өз элин, өз жерин душмандан коргоого милдеттүү дегендикти гана билдирген эмес. Мында мейли коомдо болсун, мейли аскер кызматында болсун ээлеген чоң абалдарына, байлыктарына, орундарына карабастан, ар ким согуш мезгилинде тең, бирдей укукка ээ экендик баса белгиленет. Башкы баатыр Манас аскер башчы болсо да, өзү катардагы жоокердин эсебине кирген. «Аскердик демократия» бир жагынан зордуктоону, опузалоону четке какса, экинчи жагынан бекем тартипти талап кылган. Эпостун көпчүлүк варианттарында Манас Чоң казатка даярдык көрүп жатканда жыйылган колго кайрылып:
Бээжинге казат кыларга
Найзакерден мыктың бар,
Айбалта чабар ыктууң бар,
Кайра тартпас эриң бар,
Канды суудай агызган
Кара кулак шериң бар (Саякбай Каралаев, 2. 80),
— деп Манастын элге кайрылуусу буйрук эмес, кеңеш, акылдашуу иретинде болот.
Чоң казатка аттанган колго Алмамбеттин башчылык кылышы кокустук көрүнүш эмес. Мындагы түрдүү кыйын кырдаалдарды туура тандоо элдин, жердин сырын, кытайлар менен кармашуунун жөн жайын мыкты билген Алмамбеттин гана колунан келмек. Согушта жекече эрдикти, каармандыкты, иш билгиликти көрсөткөн жоокерлер өз учурунда байкалып, эске алынып, татыктуу баага ээ болуп турган.
Эпосто сүрөттөлгөн аскерлер топураган атчандардын тобун эмес, асыресе өзүнчө уюштурулган, атайын эрежеге баш ийген, куралдуу жоокерлердин түрлөрүнүн бирикмелеринен турган аскердик күчтү туюндурат. Эпосто кошунга синоним катарында көбүнчө кол, аскер, черүү деген сөздөр көп колдонулат.
Эпостун согуш эпизоддорунда Манастын чоролору душмандын бир жерин «оюп», бир жерин «жиреп», бир жерин «түрүп» бараткан жекече көрүнүштөрдө сүрөттөлөт. Ал эми реалдуу алып караганда, чоролор өзүнчө куралдуу жоокерлердин бөлүктөрүн башкарган. Мисалы,
Ошол чакта Алмамбет
Найзаны колго алуучу
Аянбай жоого кирүүчү
Арстандарды бир бөлүп,...
Бөрүдөй көк жал мыктысын
Байкагандай кубантып
Он эки кандын калың кол
Сан-сан кылып чубатып
Алып жүрдү Алмамбет (Саякбай Каралаев, 2. 83 — 84).
Контексттен алдыдагы согушка карата куралдуу бөлүктөр жоокерлердин жеке жөндөмүнө, кандай куралды жакшы биле жана колдоно ала тургандыгына ылайык курулгандыгын ачык сезүүгө болот. «Манаста» согуштун стратегиясына жана тактикасына жараша жоокерлердин аткычтары өзүнчө, чабууга өтө маш кылыччандар өзүнчө, найзакерлер, чалма чалчулар жана башкалар өздөрүнчө онго, жүзгө, миңге бөлүнүп кармашка киргендиктери көп эле көрсөтүлгөн. Урушта аскерлердин башкы туусу жана ар бир куралдуу бөлүктөрдүн өздөрүнүн туусу болгон. Алар өздөрүнүн бөлүктөрүнүн туусу астында салгылашкан. Кан төгүлгөн ар бир кармаштан кийин жоокердин саны катталып турган:
Буйрук кылып Эр Манас,
Алдыдагы белеске
Арстан туусун орнотуп,
Алышканын токтотуп,
Чогулушуп алышып,
Жанды катка салышып,
Калк эсебин алышып.
Элүү башы, он башы
Жүз башы менен миң башы
Баары турду эсептеп (Саякбай Каралаев, 2. 154).
Согуштагы ийгиликтерде аскер ишинин туура уюштурулушу менен катар, жоокерлердин мыкты куралданышы чоң мааниге ээ болгондугу эпосто таасын сүрөттөлгөн. Анда жоо-жарактарынын миңден ашуун аты кездешет жана алардын кандайча жасалгандыгы айтылат. Маселен, кылыч эң мыкты сапаттагы «ак болоттун» жана «кара курчтун» өзгөчө кошулмаларынан жаралган өткүр курал.
Металлдын ачылышы менен аскердик курал-жаракты жасоодо адамдардын ойлоп табуучулук аракеттери да кеңири кадам таштаган. Маселен, чабуул куралдары (кылыч, мылтык, найза, жебе, чокмор, балта жана башкалар) жана коргонуу куралдары (зоот, калкан, белдемчи, туулга, чарайна, чайинги, чопкут, бадана жана башкалар) арбын жасала баштаган. Жоокердин жоо-жарактары анын алдындагы күлүк, күчтүү аты сыяктуу эле таймашта зор роль ойногон. Андыктан ага айрыкча көңүл бурулуп, ар бир баатырдын өзүнө таандык энчилүү жоо кийимдеринин болушуна чейин жетишилген. Алсак, Манасты Аккелте, Аколпок, Айбалта, Ачалбарс, Бозкисе, Сырнайзасыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Булар атайын Манаска арналган жана өзүнчө рухий бийик дем, күч менен жасалып, адаттан сырткары касиеттерге да ээ. Ал түгүл кээ бир куралдар адам колунан эмес, кандайдыр бир керемет күчтөн жаралып (асмандан түшөт жана башкалар), баатырга энчиленет. Мындай сыпаттоолор жоо-жарактарына айрыкча маани берилгендиктен улам пайда болгон.
Эпосто жоо куралдары негизинен адам колунан жасалып, алар өтө көп машакатты, акыл жана күч эмгегин талап кылгандыгы даана байкалат. Мында адамдын өнөрү, зээндүүлүгү. тапкычтыгы, дайыма баса белгиленет. Маселен, Каныкей ашкан акылман, билерман. Анын туура берген кеңеши менен гана Манас жаңжалдарда, согуштарда жеңиштерге жетишет. Ошону менен бирге, ал колунан коөрү төгүлгөн уз. Анын бул жөндөмү Манасты артыкча табылгыс жоо кийимдери, куралдары менен гана камсыз кылгандыкта эмес, ошондой эле кырк чорого, жалпы эле жоого аттанган жоокерлердин бардыгына сарамжалдуулугун көрсөтүп: «Жакасы алтын жеңи жез, Кош бадана, торгой көз, Келеме бото, кең күрмө» (Сагымбай Орозбаков, 4. 93) кийгизет. Манастын Аколпогун тигүүдө ал кандай гана акылын, күчүн, чеберчилигин жумшабаган:
Кан Манастын Аколпок, Тиштеп жатып Каныкей Кашка тиши жоюлган, Кара көзү оюлган Кокон менен Ташкенге Колу жетип турганда Анжыянды чалдырган Ак була жибек алдырган Арасына салдырган (Саякбай Каралаев, 2. 82).
Эпос Каныкейдин ишкердүүлүгүн, чыныгы жоокердик сапатын айгинелеп турат. Бул анын акылдуу кеңештеринде да, жекече эрдиктеринде да, согуш жабдыктарын камсыз кылууда да көзгө даана элестейт. Ошентип, кыргыз элинин басып өткөн татаал жолунда, жашоо үчүн болгон күрөшүндө, жалпы эле турмуш тиричилигинде жылкычылык жана жоокерчилик негизги кесиптерден болуп келген. Кыргыз эли көчмөн турмушта жашаса да эпосто көрүнүп тургандай, анын ишмердүүлүк чөйрөсү жалаң гана жылкычылык жана жоокерчилик менен чектелип калган эмес. Ал өзүнүн талыбаган эмгеги, умтулуулары менен материалдык жана рухий багыттарда, мезгилдин, адамдардын суроо-талаптарына, керектөөлөрүнө ылайык ишмердүүлүктүн көптөгөн түрлөрүн жараткан.
О. Исмаилов
1. к. АДАМ БОЛУУ 1., 2.2. Жашоо-тиричилиги, турмушу жакшыруу, өйдөлөө, оңолуп элге аралаша баштоо. Эмне гана күндү көрбөдүк! Өлгөндөн калган эл жерине кайтып, ушу керемет таңдын, ажайып күндүн деми менен адам катарына кошулдук (Өмүрбаев).
1. к. адам болуу. 2. Жашоо-тиричилиги, турмушу жакшыруу, өйдөлөө, оңолуп элге аралаша баштоо. Эмне гана күндү көрбөдүк! Өлгөндөн калган эл жерине кайтып, ушу керемет таңдын, ажайып күндүн деми менен адам катарына кошулдук (Өмүрбаев).
АДАМКЕРЧИЛИККЕ КАРШЫ КЫЛМЫШТАР – киши өлтүрүүнү, кырып-жоюуну, эзүүнү, айдоону (депортацияны), кыйноону, зордуктоону, жарандык калкка жана башка катаалдыктарды согуш учурунда же ага чейин жасоону же саясий, расалык, болбосо диний жүйөлөр боюнча ал аракеттер өлкөнүн ички укуктарын бузууда болуп саналганына, кайда жасалганына карабастан куугунтуктоолорду өз ичине камтыган эларалык кылмыштар. А. к. к-дын тизмеси согуштун курмандыктарын коргоо жөнүндөгү 1949-жылкы Женева конвенциясында жана 1977-жылкы ага Кошумча протоколдо олуттуу толукталган.
1. Жөө жомоктук, мифтик жандык. 2. Жапайы адам маанисинде да кездешет. 3. Кээде дөө, өтө чоң, акылы кем, адам түспөлүндөгү жандык. Убара чаркөө, адам ноо («Манас», С.О.). Адам ноо деген жандар бар («Манас»).
АДАМНОО — жомоктук жапайы адам, киши кийик, адам кебетелүү айбан. Эпосто Манас алтымыш жигит кошчу менен салбырынга чыккан Арпа тоосунда көп түрдүү жапайы жаныбарлар жана укмуштуу айбанаттар бар экени баяндалат. Алардын ичинде А. да аталат:
Алаткак, жезит дагы бар,
Тумшугу жез киши бар —
Убара, чаркоо дегени
Адамноо, чыңыроон
Айтылгандын баары бар (Сагымбай Орозбаков, 2. 170).
1. Өтө одоно-орой, уят, ыплас кеп, сөз ж.б. Адам оозна алгыс сөздөр менен ашата сөгүп, сиздин үй жакка бара жатканын Үпөл көрүптүр (Бердикеев). 2. Жегенге жараксыз, өтө начар, бузулуп кеткен (тамакка карата).
1. Өтө одоно-орой, уят, ыплас кеп, сөз ж.б. деген мааниде. Адам оозуна алгыс сөздөр менен ашата сөгүп, сиздин үй жакка бара жатканын Үпөл көрүптүр (Бердикеев). 2. Жегенге жараксыз, өтө начар, бузулуп кеткен (тамакка карата).
уподоб. отадам I считать себя человеком; возомнить себя (важным) человеком, важничать; алсынчы деп тим койсом, адамсынып калыпсың фольк. (в отношении тебя) я полагал, пусть мол, он получит (приз), а ты уж и заважничал.
Толук баалуу адам катары сезүү же көрүнүү, өзүн же бирөөнү башкалардан кем көрбөгөн абал. Алсынчы деп тим койсом, Адамсынып калыпсың («Эр Табылды»). Аш берем деп атама, Адамсынып калганың («Эр Табылды») .
АДАМ УКУГУНУН АЖЫРАГЫСТЫГЫ – демократиялык өлкөлөрдөгү конституциялык түзүлүштүн жана адамдын конституциялык-укуктук статусунун байтүп принциптеринин бири. Ал адамдын укугу ага төрөлгөндө эле таандык болорун жана табигый мүнөзгө ээ экенин, мамлекет ага кепил болорун жана аны ишке ашырууну жөнгө саларын билдирет.
АДАМ УКУГУНУН ЭЛАРАЛЫК УКУГУ – 1990-жылдарга карата калыптанган эларалык укуктун жаңы тармагы. Улуттук укук үчүн эларалык стандарт болгон жана жеке адамдын негизги эркиндиктери менен укуктарын эларалык коргоону жөнгө салуучу ченемдердин жана принциптердин тармагы. Ушул эле тармакта элдердин укугу каралат.
АДАМ УКУКТАРЫ – адамдын мамлекетке карата укуктук статусун, анын экономикалык, социалдык, саясий, маданий чөйрөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрүн жана каалоо-талаптарын мүнөздөөчү түшүнүк. «А. у.» түшүнүгү буржуазиялык революциялар доорунда эле пайда болгон. Азыркы дүйнөдөгү басымдуу пикирлер боюнча А. у. табигый жана кайра алынбас мүнөзгө ээ. А. у-нын эркин жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышы – жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык А. у. жеке (эларалык аталгы таанууда – жарандык укуктар), саясий, социалдык, экономикалык, маданий, экологиялык укуктар болуп айырмаланат. А. у. бир катар негиздүү эларалык документтер (1948-жылкы Адам укуктарынын жалпы декларациясы, 1966-жылкы Адам укуктары жөнүндө эларалык пакт ж.б.), ошондой эле мамлекеттердин конституциялары жана мыйзамдары менен бекемделген. Азыркы учурда эларалык укукта А. у-на арналган тармак – эларалык гуманитардык укук калыптанды.
АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИТЕТ – жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү 1966-жылкы Эларалык пакттын IV бөлүгүнө ылайык, катышуучумамлекеттердин Пакттын жоболорун ишке ашыруусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн келишимдик орган. 1976-ж. 20-сентябрда катышуучу-мамлекеттердин кеңешмесинде түзүлгөн. А. у. б. к. Пактка катышуучу-мамлекеттердин жарандарынан куралган өз аттарынан чыгуучу 18 мүчөдөн турат. Мүчөлөрдүн ыйгарым укуктары – 4 жыл. Өздөрүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн алар өздөрүнүн иш жүргүзүү жолжоболорун аныкташат.
АДАМ УКУКТАРЫНЫН ЖАЛПЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ – адам укугу боюнча биринчи ийкемдүү эларалык акт. 1948-жылдын 10-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Преамбуладан жана 30-статьядан турат. Аларда адамдын негизги жарандык, саясий, социалдык, экономикалык жана маданий укуктары менен эркиндиктери жарыяланган. А. у. ж. д. эларалык келишим болуп эсептелбегендигине карабастан, эларалык каадалардан улам милдеттүү күчкө ээ болот.
АДАМ УКУКТАРЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕПИЛДИКТЕРИ – заманбап демократиялык мамлекеттерде конституция менен аныкталган: а) адамдын негизги материалдык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо каражаты катары кызмат кылуучу процесстик укуктар; б) укук коргоо институттары жана алардын иштеринин негизги принциптери; в) адам укуктарын жана эркиндиктерин мүмкүн болгон чектөөнүн чектерин жана шарттарын аныктоочу өзгөчө эрежелер.
АДАМ УУРДОО – инсандын эркиндигине каршы жасалган кылмыш, адамдын жеке эркиндигин чектөө менен коштолгон, адамды ачык же жашыруун алдоо жолу (мындай чектөөнүн убактысына карабастан) менен кармоо. Уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адам, эгер анын аракеттеринде башка кылмыш курамы болбосо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Бул кылмышты мыйзамсыз эркинен ажыратуудан айырмалоо керек.
человечность (всё положительное, свойственное человеку); энеке, бул кылганың адамчылык, жүрөгүң акак, бермет таштан тунук то, что ты, маменька, сделала, это гуманность, твоё сердце чище сердолика и жемчуга.
зат. Кишичилик, адамгерчилик, кишиге таандык жакшы касиеттерге ээболгондук. Эжеке бул кылганың адамчылык, Жүрөгүң акак бермет таштан тунук (Бөкөнбаев).
Адам деген атка татыктуу болгондук, ыймандуу болгондук. Эң бир бийик, эң асыл адамчылык наамым (Шатманов). Энеке, бул кылганың адамчылык Жүрөгүң акак, бермет таштан тунук (Бөкөнбаев). к. адамгерчилик.