Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АДАМДЫН УКУКТУК СТАТУСУ – мамлекет тарабынан (мыйзамдык тартипте) таанылган жана кепилденген укуктардын, эрикиндиктердин жана милдеттердин, ошондой эле укуктун субъекти катары адамдын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын тутуму. Укуктар жана эркиндиктер – жарандын мамлекет тарабынан таанылган жана камсыз кылынган социалдык мүмкүнчүлүктөрүн, ал эми милдеттери – мамлекеттин жаранга, анын жүрүм-турумуна карата талаптарын билдирет.