адам
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Ойлоо жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болгон, өндүрүш куралдарын иштеп чыгып, аны коомдук эмгекте пайдалана алуучу тирүү жан, киши. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Космоско барган биринчи адам — советтик адам, Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун гражданини! («Советтик Кыргызстан»).
♦ Адам баласы — адамзат, дүйнөдөгү, жер жүзүндөгү кишилер. Адам болуу — эр жетүү, киши катарына кошулуу. Адам күнү — бир жумуш күнүнүн ичиндеги бир адамдын иштеген жумушунун өлчөмү менен эсептеле турган жумуш убактысын эсепке алуунун единицасы. Адам ата — диний түшүнүк боюнча: дүйнө жүзүндө эң биринчи пайда болгон адам.
АДАМ II сырд. Таң калгандыкты билдирүүдө колдонулат. — Адам, биздин жолоочулар менен бирге, былтыркы Мыскал деген кыз келиптир (Сыдыкбеков).