АДАМ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Акылы, ойлоо, сүйлөө жөндөмдүүлүгү бар, өндүрүш куралдарын жасап жана эмгек процессин пайдалана билген жан, киши. Адамды адам кылып баккан эмгек (Бөкөнбаев). – Корккон жоксуңбу, булар деле адам окшойт ко?.. (Касымбеков). 2. Жогорку моралдык жана интеллектуалдык касиеттерди өзүнө топтогон, жакшы сапаттары бар киши. Сасыкбай, сен адам эмессиң, жүрөгүң жыландын уусуна жык толгон (Байтемиров). Эгер ал адам болсо, бирөөгө ушунчалык кордук көрсөтөт беле? (Абдукаримов). 3. Бой тарткан, акыл-эси, билими бар, колунан иш келген киши (өспүрүм, жаш адамдарга карата). Динар жоголгон койлорду табышып берди. Адам болот деген ушул (Сыдыкбеков). Карачы, ушул мектептен окуп жаткан менин Бекжаным бир адам болуп чыгар («Ала-Тоо»).