Адам укугунун ажырагыстыгы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АДАМ УКУГУНУН АЖЫРАГЫСТЫГЫ – демократиялык өлкөлөрдөгү конституциялык түзүлүштүн жана адамдын конституциялык-укуктук статусунун байтүп принциптеринин бири. Ал адамдын укугу ага төрөлгөндө эле таандык болорун жана табигый мүнөзгө ээ экенин, мамлекет ага кепил болорун жана аны ишке ашырууну жөнгө саларын билдирет.