Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ – адамдын жашоо чөйрөсү, адамдын жана башка жандуу организмдердин жашоо орду жана каражаты, шарты катары кызмат кылуучу био-чөйрө; табигый экологиялык тутумдардын тутуму катары жаратылышты жана адамдын ишмердигинин натыйжасында өзгөргөн анын табигый чөйрөсүн өзүнө камтыйт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗАЛАЛ КЕЛТИРҮҮ – айлана-чөйрөнү өзгөртүүнүн, аны булгоонун натыйжасында акча түрүндө эсептелүүчү коомчулуктун экономикалык жана экономикалык эмес жоготуусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЗЫЯНДУУ ТААСИР ЭТҮҮНҮН ЖОЛ БЕРИЛЕ ТУРГАН ЧЕНЕМДЕРИ – айлана-чөйрөнү коргоону, табигый байлыктарды үнөмдүү пайдаланууну, экологиялык жана адам денсоолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу айлана-чөйрөгө чарбачылык, рекреациялык ж. б. иш-аракеттер аркылуу таасир этүүнүн жол бериле турган көрсөткүчтөр.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО – жаратылыш байлыктарын сактоо, жаратылыш байлыктарын үнөмдүү пайдалануу, адамдын жашоо-турмушун курчап турган чөйрөнүн сапатын арттыруу боюнча коом менен жаратылыштын өзара шайкештигин камсыз кылууга багытталган мамлекеттик жана коомдук чаралардын тутуму.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН САПАТТЫК ЧЕНЕМИ – айлана-чөйрө абалынын сапаттык көрсөткүчү: зыяндуу заттардын, зыяндуу заттарга чулгануунун жол бериле турган топтолуу ченеми, айыл чарбасы менен токой чарбасында колдонулуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, азык-түлүктө калуучу химиялык заттардын жол бериле турган ченеми, айлана-чөйрөгө антропогендик ишаракеттер аркылуу жүктөмдөрдүн жол бериле турган ченеми; айлана-чөйрөгө антропогендик жактан аргандай иш-аракеттердин күч келтире тургандай жүктөө ченемдеринин жол берилүүчү сапаттык ченеми.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ – айлана-чөйрөгө таасир этүүчү суунун, абанын, кыртыштын, жер катмарынын, өсүмдүктөрдүн, жанжаныбарлардын абалы жөнүндөгү маалымат жана аны коргоо иш-чаралары.