1. тяжёлый; таш түшкөн жеринде оор погов. камень тяжёл в месте своего падения; оор жүк тяжёлый груз; 2. трудный; оор иш трудное дело; оорду колдон, жеңилди жерден алат он человек обязательный, обходительный (не обидит, всегда поможет); оордун үстү, жеңилдин асты менен кайпып кетет 1) он рассуждает поверхностно; 2) он делает что-л. поверхностно, несерьёзно.
сын. 1. Салмагы чоң, салмактуу.Төөдөй балбан эч бир болбойт малдардан, Оор жүктү тарта берген чарчабай (Осмонкул).
2. Кыйын, өтө татаал. Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). Туут кампаниясы кой чарбасындагы оор иш. («Коммунист»).
3. Калың, терең. Кар оор. Күн суук (Бөкөнбаев). Жакында оор түшкөн кар бүгүн нымшыгандай болуп, четинен эрий баштаптыр (Таштемиров).
♦ Оорулутунуу — терең, өтө катуу улутунуу. Бечара эне көзүн сүртүндү да,.. оор улутуна үшкүрдү (Касымбеков). Оортүн — караңгы, тунжураган, көзгө сайса көрүнгүс түн. Оор түн.. асман бүркөө, саат беште, Мемиреп эл уйкуда жаткан кезде (Шүкүрбеков). Оор түндүн тынчын алып зырылдап, Аркы-терки Автомобиль чабылган (Бөкөнбаев). Оорбасырык — токтомдуу, салмактуу, көтөрүмдүү, токтоо. Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов). Ооржарадар — катуу, коркунучтуу абалдагы жарадар. Тараска ок тийип, оор жарадар болду (Сасыкбаев). Поповдун жарасы оор, ок сол жаккы. күң жилигин талкалап кетиптир (Жантөшев). Оорөнөржайыжана оориндустрия — өндүрүш каражаттарын иштеп чыгаруучу өнөр жай тармактарынын жыйындысы. Оормүнөз — салабаттуу, салмактуу, оор басырыктуу мүнөз. Оортийүү — катуу таасир этүү, катуу таасир берүү.
1. Салмагы чоң, салмактуу. Төөдөй балбан эч бир болбойт малдардан, Оор жүктү тарта берген чарчабай (Осмонкул). 2. Кыйын, өтө татаал. Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). Туут кампаниясы кой чарбасындагы оор иш. 3. Калың, терең. Кар оор. Күн суук (Бөкөнбаев). Жакында оор түшкөн кар бүгүн нымшыгандай болуп, четинен эрий баштаптыр (Таштемиров). 4. Катуу, күч менен. Тыным албай тышты тиктейм айнектен, Оор туман басып турат калааны (Шакирова). Бечара эне көзүн сүртүндү да, оор үшкүрдү (Касымбеков).
Токтоо, көтөрүмдүү, эч кебелбеген, салмактуу. Ойлоп сүйлөп, орундуу жооп кайтарган оор басырык, тыкан, кайраттуу жигит болучу (Баялинов). А келин ыймандуу, оор басырык кара жумушка кабелтең неме экен (Бейшеналиев). Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов).
Токтоо, көтөрүмдүү, эч кебелбеген, салмактуу. Ойлоп сүйлөп, орундуу жооп кайтарган оор басырык, тыкан, кайраттуу жигит болучу (Баялинов). А ке-лин ыймандуу, оор басырык кара жумушка кабелтең неме экен (Бейшеналиев). Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов). В.: Оор басырыктуу. – Узатып койгула, – деди кыркка чукулдаган оор басырыктуусу (Ашымбаев). Жамалкан токтолуп, оор басырыктуу болуп калган эле (Абдукаимов).
этиш.1. Оор болуу, салмактуу боло баштоо.
2. Кыйындоо, кыйын абалда болуу; кыйын көрүү, оор сезүү. Тулпар жүгүн оордобойт (макал). Абалы оордобосо, жеңилдебейт («Ала-Тоо»).
становиться трудным, затруднительным; тулпар жүгүн оордобойт погов. боевой конь не замечает тяжести своей ноши; силердикине келдим, оордобойсуңар го дейм? я вот пришёл к вам и думаю, не буду ли вам в тягость?
1. Оор болуу, салмактуу боло баштоо. 2. Кыйындоо, кыйын абалда болуу; кыйын көрүү, оор сезүү. Тулпар жүгүн оордобойт (макал). Абалы оордобосо, жеңилдебейт («Ала-Тоо»).
ООР КЫЛМЫШТАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында 5 жылдан ашык, бирок 10 жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган атайылап жасалган кылмыштар.
1. (о дойном скоте) неподпускной; оорсок уй неподпускная корова (корова, доящаяся без телёнка, что в старом быту было необычным); обу жок катын оорсок уй саайт погов. несуразная баба корову без телёнка доит; 2. то, что не относится к делу, пустое; оорсок сөзүңдү койсоңчу! брось-ка ты пустые, не относящиеся к делу разговоры!; оорсок намыс показная гордость (на самом деле гордиться нечем).
сын.1. Эмизбей турушсаалуучу. Обу жок катын оорсок уй саайт (макал). Сутту койчулар чаначка оорсок саап коёр эле (Сасыкбаев). 2.өт. Маанисиз, дайны жок, байланышы жок. Оорсок сөздү биз сүйлөшуп бүткөнчө, Жыйнап бүттү, айланайын, баарысын (Аалы).
1. Эмизбей туруп саалуучу. Обу жок катын оорсок уй саайт (макал). Сүттү койчулар чаначка оорсок саап коёр эле (Сасыкбаев). 2. өт. Маанисиз, дайны жок, куру. Оорсок сөздү биз сүйлөшүп бүткөнчө, Жыйнап бүттү, айланайын, баарысын (Токомбаев). Оорсок намыстын экөөбүзгө эмне кереги бар. Оорсок сөзүңдү койсоңузчу!
Караңгы, тунжураган, көзгө сайса көрүнгүс түн. Оор түн… асман бүркөө, саат беште, Мемиреп эл уйкуда жаткан кезде (Шүкүрбеков). Оор түндүн тынчын алып зырылдап, Аркы-терки автомобиль чабылган (Бөкөнбаев).
Караңгы, тунжураган, көзгө сайса көрүнгүс түн. Оор түн... асман бүркөө, саат беште, мемиреп эл уйкуда жаткан кезде (Шүкүрбеков). Оор түндүн тынчын алып зырылдап, Аркы-терки, Автомобиль чабылган (Бөкөнбаев).
оору I (ср. ылаң) 1. болезнь (человека); ички оорулар внутренние болезни; көз оорусу болезнь глаз; аялдар оорулары женские болезни; жугуштуу оору заразная болезнь; сары оору тоска, печаль; сары оору бол- тосковать, печалиться, изводиться; ак оору южн. лёгкое помешательство; жин оору помешательство, сумасшествие; 2. больной; мен оорумун я болен; ит оорусу закоренелая дурная привычка (напр. к пьянству, воровству, скандалам и т.п.); тил албаган ит оорусу бар он уж такой неслух, уж такой упрямец; ооруга убайым жок см.убайым II. оору- II (ср. ылаңда-) болеть, хворать (о человеке); ооруп турсаң, ойноп турдум де погов. если ты болел и встал (поправился), говори, что ты развлекался (раз ты выздоровел, то прошедшая болезнь - забава); кайсы жериң ооруйт? где у тебя болит? башым ооруйт у меня болит голова; оорубаган онтобойт см.онто-.
Iзат.1. Дарт, кесел, табы жоктук. Батмандап кирген оору мыскалдап чыгат (макал). Каныбек оорусунан абдан айыга элек (Жантөшев).
2. Сыркоо, ноокас, оорулуу. Ооруну сураса айыкканга тете (макал).
ООРУIIэтиш.I. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр. 2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду. ♦ Бооруооруу — бирөөгө жан тартуу, жаны ачуу, аёо. Акмат Каныбекке боору ооруп, эчен ирет сырын сураган (Жантөшев).
оору (зат а.) оору козгогуч оору-соо оору-сыркоо оору точкалары ооруга каршы эмдөөлөр ооруганды сезбөө оорун колдон, жеңилин жерден алуу ооруну алдын ала айтуу оорунун абалы оорунун акыры оорунун белгиси (симп тому) оорунун динамикасы оорунун жашыруун мезгили оорунун себеби оорунун таралышы оорунун тарыхы оорунун уясын дезин фекцилоо
Зат атоочтук жана этиштик маанидеги оору сөзүн Э. В. Севортян аг+ыр+ы бөлүктөрүнө ажыратып, аг уңгусунун өзү эле зат атооч жана этиш маанисин берген деп эсептейт (Севортян, 1974, 86). Мындай пикирдин да жүйөлүү жактары бар. Ошондой болсо да оору сөзүнүн келип чыгышын мындайча түшүндүрүүгө болот. Байыркы түрк тилинде агыр сөзү «оор» маанисин берген. Андан агыры (<агыр+ы)>агры, агру этиш жасалган. Алардын агыры дегени «болеть» болуп, агру варианты «1) становиться тяжелым; 2) ухудшаться (о болезни)» болуп которулган (ДТС, 19–22, 23). Биздин оюубузча, агру формасынын котормосунда көрсөтүлгөндөй, алгач агры сөзү «оордо» маанисин берип, кийин андан «оору» мааниси өнүккөн дешке болот. Анткени адам өзүнүн ооругандагы абалын оордогондой сезет, каруусу кетип, буту-колун кыймылдатышы да оордоп, шалдырап калат. Ал эми айыкканда же айыга баштаганда адам жеңилдеп, өзүн жеңил сезип, кыймылы да оңой-олтоң боло баштайт. Ошондуктан жакшы боло баштаган киши жайын сураган кишиге жеңилдеп калдым деп жооп берет. Демек, ооруганы оордогонго, айыкканы жеңилдегенге окшоштурулат. Ушуга караганда оору сөзү байыркы түркчө агыры сөзүнөн келип чыгат да, агыр уңгусу оор сөзүнө туура келсе, -ы мүчөсү атооч сөздөн этиш жасоочу мүчө, агыры этиши алгач «оордо, оор бол» маанисин берип, кийин өтмө мааниде ооруп калган учурга карата да айтыла турган болуп калган.
Кыргыз адабий тилинде оору этиши менен оору деген зат атооч сөз бирдей формада жазылып, экөө омонимди түзүп калган. Байыркы түрк тилинде агыры>агыр этишинен зат атооч жасоочу мүчөнүн жардамы менен агрыг сөзү жасалган. Ал сөз дифтонгулуу говорлордо оорув болуп айтылат да, оору деген этиштен айырмаланат.
1. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр. 2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду.
1. ист. аул, который не мог кочевать далеко и останавливался на ближайшем летнем пастбище, отстав от общей кочёвки; 2. (в эпосе) арьергард; чалгынды калмак чалабы? оорукта Чубак калабы? фольк. разве в авангарде идёт калмык? разве в арьергарде остаётся Чубак? 3. тыл (противоп. фронту).
зат.1.тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.
2. Негизги алдыңкы күчтөрүнө кошулбастан кийин калтырылган бөлүктөр. Чалгынды калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? («Манас»).
3. Тыл.
1. Калктын туруктуу жашаган негизги жери, туруктуу жашаган жай. Оорукка калар жер экен («Манас» С. К.). 2. Жортуулда жүргөн, согушка аттанган колдун негизги бөлүгү жайгашкан жай. Чалгынды калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? («Манас»). 3. Тыныгуу жайы. Чоң үйдүн бары калыптыр Анжиянга оорукка («Манас» С. О.). 4. тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.
чувствовать недомогание или боль, выражая это внешне; ооруксунуп аксай баскан чувствуя боль, он шёл хромая; этинин ооруксунганын да унутту он забыл даже о том, что у него тело болит; ооруксунуп ыңыран- покряхтывать от недомогания; ооруксунган үн обиженно плаксивый голос; ооруксунуп кайгырып, көзүнүн жашын тыялбайт стих. тяжело горюя, она не может унять слёз своих.
болезнь; боль; баш оорумайы бар у него бывают головные боли; бутум ооруп калмайым бар у меня бывают боли в ногах; оорумай-сыктамай болезни и недуги; карылык толорсуктап турганда оорумай-сыктамай көп болот когда старость хватает за ноги, много бывает болезней и недугов.
к. ООРУН КОЛДОН, ЖЕҢИЛИН ЖЕРДЕН АЛУУ
Мейли ушунумду бергенине шүгүр. Оорумду колдон алып, жүгүмдү жеңилдетти (Бейшеналиев). Оорун колунан алып, минтип айттырбай жүгүн жеңилдеткен ...инисине жүрөгү жылыйт (Бейшеналиев).
Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңил жерден алат (Бердикеев).
Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңилин жерден алат (Бердикеев). В.: Оорун колдон алуу. Мейли ушунумду бергенине шүгүр, Оорумду колдон алып, жүгүмдү жеңилдетти (Бейшеналиев). Оорун колунан алып, минтип айттырбай жүгүн жеңилдеткен инисине жүрөгү жылыйт (Бейшеналиев).