Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Токтоо, көтөрүмдүү, эч кебелбеген, салмактуу. Ойлоп сүйлөп, орундуу жооп кайтарган оор басырык, тыкан, кайраттуу жигит болучу (Баялинов). А келин ыймандуу, оор басырык кара жумушка кабелтең неме экен (Бейшеналиев). Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов).