ООРУ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЗат атоочтук жана этиштик маанидеги оору сөзүн Э. В. Севортян аг+ыр+ы бөлүктөрүнө ажыратып, аг уңгусунун өзү эле зат атооч жана этиш маанисин берген деп эсептейт (Севортян, 1974, 86). Мындай пикирдин да жүйөлүү жактары бар. Ошондой болсо да оору сөзүнүн келип чыгышын мындайча түшүндүрүүгө болот. Байыркы түрк тилинде агыр сөзү «оор» маанисин берген. Андан агыры (<агыр+ы)>агры, агру этиш жасалган. Алардын агыры дегени «болеть» болуп, агру варианты «1) становиться тяжелым; 2) ухудшаться (о болезни)» болуп которулган (ДТС, 19–22, 23). Биздин оюубузча, агру формасынын котормосунда көрсөтүлгөндөй, алгач агры сөзү «оордо» маанисин берип, кийин андан «оору» мааниси өнүккөн дешке болот. Анткени адам өзүнүн ооругандагы абалын оордогондой сезет, каруусу кетип, буту-колун кыймылдатышы да оордоп, шалдырап калат. Ал эми айыкканда же айыга баштаганда адам жеңилдеп, өзүн жеңил сезип, кыймылы да оңой-олтоң боло баштайт. Ошондуктан жакшы боло баштаган киши жайын сураган кишиге жеңилдеп калдым деп жооп берет. Демек, ооруганы оордогонго, айыкканы жеңилдегенге окшоштурулат. Ушуга караганда оору сөзү байыркы түркчө агыры сөзүнөн келип чыгат да, агыр уңгусу оор сөзүнө туура келсе, -ы мүчөсү атооч сөздөн этиш жасоочу мүчө, агыры этиши алгач «оордо, оор бол» маанисин берип, кийин өтмө мааниде ооруп калган учурга карата да айтыла турган болуп калган.
Кыргыз адабий тилинде оору этиши менен оору деген зат атооч сөз бирдей формада жазылып, экөө омонимди түзүп калган. Байыркы түрк тилинде агыры>агыр этишинен зат атооч жасоочу мүчөнүн жардамы менен агрыг сөзү жасалган. Ал сөз дифтонгулуу говорлордо оорув болуп айтылат да, оору деген этиштен айырмаланат.