Киргизско-русский словарь Юдахина
оору I
(ср. ылаң)
1. болезнь (человека);
ички оорулар внутренние болезни;
көз оорусу болезнь глаз;
аялдар оорулары женские болезни;
жугуштуу оору заразная болезнь;
сары оору тоска, печаль;
сары оору бол- тосковать, печалиться, изводиться;
ак оору южн. лёгкое помешательство;
жин оору помешательство, сумасшествие;
2. больной;
мен оорумун я болен;
ит оорусу закоренелая дурная привычка (напр. к пьянству, воровству, скандалам и т.п.);
тил албаган ит оорусу бар он уж такой неслух, уж такой упрямец;
ооруга убайым жок см. убайым II.
оору- II
(ср. ылаңда-)
болеть, хворать (о человеке);
ооруп турсаң, ойноп турдум де погов. если ты болел и встал (поправился), говори, что ты развлекался (раз ты выздоровел, то прошедшая болезнь - забава);
кайсы жериң ооруйт? где у тебя болит?
башым ооруйт у меня болит голова;
оорубаган онтобойт см. онто-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Дарт, кесел, табы жоктук. Батмандап кирген оору мыскалдап чыгат (макал). Каныбек оорусунан абдан айыга элек (Жантөшев).
2. Сыркоо, ноокас, оорулуу. Ооруну сураса айыкканга тете (макал).
ООРУ II этиш. I. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр.
2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду.
Боору ооруу — бирөөгө жан тартуу, жаны ачуу, аёо. Акмат Каныбекке боору ооруп, эчен ирет сырын сураган (Жантөшев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
оору (зат а.)
оору козгогуч
оору-соо
оору-сыркоо
оору точкалары
ооруга каршы эмдөөлөр
ооруганды сезбөө
оорун колдон, жеңилин
жерден алуу
ооруну алдын ала айтуу
оорунун абалы
оорунун акыры
оорунун белгиси (симп тому)
оорунун динамикасы
оорунун жашыруун
мезгили
оорунун себеби
оорунун таралышы
оорунун тарыхы
оорунун уясын дезин фекцилоо

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Зат атоочтук жана этиштик маанидеги оору сөзүн Э. В. Севортян аг+ыр+ы бөлүктөрүнө ажыратып, аг уңгусунун өзү эле зат атооч жана этиш маанисин берген деп эсептейт (Севортян, 1974, 86). Мындай пикирдин да жүйөлүү жактары бар. Ошондой болсо да оору сөзүнүн келип чыгышын мындайча түшүндүрүүгө болот. Байыркы түрк тилинде агыр сөзү «оор» маанисин берген. Андан агыры (<агыр+ы)>агры, агру этиш жасалган. Алардын агыры дегени «болеть» болуп, агру варианты «1) становиться тяжелым; 2) ухудшаться (о болезни)» болуп которулган (ДТС, 19–22, 23). Биздин оюубузча, агру формасынын котормосунда көрсөтүлгөндөй, алгач агры сөзү «оордо» маанисин берип, кийин андан «оору» мааниси өнүккөн дешке болот. Анткени адам өзүнүн ооругандагы абалын оордогондой сезет, каруусу кетип, буту-колун кыймылдатышы да оордоп, шалдырап калат. Ал эми айыкканда же айыга баштаганда адам жеңилдеп, өзүн жеңил сезип, кыймылы да оңой-олтоң боло баштайт. Ошондуктан жакшы боло баштаган киши жайын сураган кишиге жеңилдеп калдым деп жооп берет. Демек, ооруганы оордогонго, айыкканы жеңилдегенге окшоштурулат. Ушуга караганда оору сөзү байыркы түркчө агыры сөзүнөн келип чыгат да, агыр уңгусу оор сөзүнө туура келсе, -ы мүчөсү атооч сөздөн этиш жасоочу мүчө, агыры этиши алгач «оордо, оор бол» маанисин берип, кийин өтмө мааниде ооруп калган учурга карата да айтыла турган болуп калган. Кыргыз адабий тилинде оору этиши менен оору деген зат атооч сөз бирдей формада жазылып, экөө омонимди түзүп калган. Байыркы түрк тилинде агыры>агыр этишинен зат атооч жасоочу мүчөнүн жардамы менен агрыг сөзү жасалган. Ал сөз дифтонгулуу говорлордо оорув болуп айтылат да, оору деген этиштен айырмаланат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ооруксунуу, сыздоо, чыдатпоо. Бүткөн боюмдун бардыгы кол тийгизбей.. ооруп калыптыр (Жантөшев). Катуу муштаса керек, дал ортом ооруп калыптыр. 2. Дартка, кеселге кабылуу, ноокастоо, сыркоолоо. Узак ооруду. Сасык тумоо менен ооруду.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. аул, который не мог кочевать далеко и останавливался на ближайшем летнем пастбище, отстав от общей кочёвки;
2. (в эпосе) арьергард;
чалгынды калмак чалабы? оорукта Чубак калабы? фольк. разве в авангарде идёт калмык? разве в арьергарде остаётся Чубак?
3. тыл (противоп. фронту).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.
2. Негизги алдыңкы күчтөрүнө кошулбастан кийин калтырылган бөлүктөр. Чалгынды калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? («Манас»).
3. Тыл.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калктын туруктуу жашаган негизги жери, туруктуу жашаган жай. Оорукка калар жер экен («Манас» С. К.). 2. Жортуулда жүргөн, согушка аттанган колдун негизги бөлүгү жайгашкан жай. Чалгынды калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? («Манас»). 3. Тыныгуу жайы. Чоң үйдүн бары калыптыр Анжиянга оорукка («Манас» С. О.). 4. тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.

Киргизско-русский словарь Юдахина
чувствовать недомогание или боль, выражая это внешне;
ооруксунуп аксай баскан чувствуя боль, он шёл хромая;
этинин ооруксунганын да унутту он забыл даже о том, что у него тело болит;
ооруксунуп ыңыран- покряхтывать от недомогания;
ооруксунган үн обиженно плаксивый голос;
ооруксунуп кайгырып, көзүнүн жашын тыялбайт стих. тяжело горюя, она не может унять слёз своих.

Киргизско-русский словарь Юдахина
болезнь; боль;
баш оорумайы бар у него бывают головные боли;
бутум ооруп калмайым бар у меня бывают боли в ногах;
оорумай-сыктамай болезни и недуги;
карылык толорсуктап турганда оорумай-сыктамай көп болот когда старость хватает за ноги, много бывает болезней и недугов.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ООРУН КОЛДОН, ЖЕҢИЛИН ЖЕРДЕН АЛУУ Мейли ушунумду бергенине шүгүр. Оорумду колдон алып, жүгүмдү жеңилдетти (Бейшеналиев). Оорун колунан алып, минтип айттырбай жүгүн жеңилдеткен ...инисине жүрөгү жылыйт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңилин жерден алат (Бердикеев). В.: Оорун колдон алуу. Мейли ушунумду бергенине шүгүр, Оорумду колдон алып, жүгүмдү жеңилдетти (Бейшеналиев). Оорун колунан алып, минтип айттырбай жүгүн жеңилдеткен инисине жүрөгү жылыйт (Бейшеналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык жагынан жардам берип, көмөк көрсөтүү, түйшүгүн жеңилдетүү. Сен аскерде жүргөндө оорумду колдон, жеңилимди жерден алышкан ушул Күкүн болду (Тойбаев). Атасынын оорун колдон, жеңил жерден алат (Бердикеев).