ООРУК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Калктын туруктуу жашаган негизги жери, туруктуу жашаган жай. Оорукка калар жер экен («Манас» С. К.). 2. Жортуулда жүргөн, согушка аттанган колдун негизги бөлүгү жайгашкан жай. Чалгынды калмак чалабы? Оорукта Чубак калабы? («Манас»). 3. Тыныгуу жайы. Чоң үйдүн бары калыптыр Анжиянга оорукка («Манас» С. О.). 4. тар. Жалпы көч менен чогуу кете албай жакыныраак жайытка калып калган айыл.