ООР БАСЫРЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Токтоо, көтөрүмдүү, эч кебелбеген, салмактуу. Ойлоп сүйлөп, орундуу жооп кайтарган оор басырык, тыкан, кайраттуу жигит болучу (Баялинов). А ке-лин ыймандуу, оор басырык кара жумушка кабелтең неме экен (Бейшеналиев). Тойчубек ойчул, оор басырык киши эмеспи (Баялинов). В.: Оор басырыктуу. – Узатып койгула, – деди кыркка чукулдаган оор басырыктуусу (Ашымбаев). Жамалкан токтолуп, оор басырыктуу болуп калган эле (Абдукаимов).