Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Салмагы чоң, салмактуу. Төөдөй балбан эч бир болбойт малдардан, Оор жүктү тарта берген чарчабай (Осмонкул). 2. Кыйын, өтө татаал. Согуштун оор күндөрүнүн бири эле (Сасыкбаев). Туут кампаниясы кой чарбасындагы оор иш. 3. Калың, терең. Кар оор. Күн суук (Бөкөнбаев). Жакында оор түшкөн кар бүгүн нымшыгандай болуп, четинен эрий баштаптыр (Таштемиров). 4. Катуу, күч менен. Тыным албай тышты тиктейм айнектен, Оор туман басып турат калааны (Шакирова). Бечара эне көзүн сүртүндү да, оор үшкүрдү (Касымбеков).