оружие, снаряжение; орудие; жарак-жабдык оборудование, снаряжение; жоо-жарак или жай-жарак весь комплект военных доспехов; жай-жарагын шайланып, кыны жок кылыч байланып фольк. все доспехи подобрав, мечом без ножен препоясавшись; кош жарагы орудия пахоты (соха и упряжь к ней); кош өгүздү байлап бер, кош жарагын шайлап бер фольк. (мне) пару волов ты привяжи (т.е. выдели), орудия для пахоты подбери; керек-жарак 1) необходимое снаряжение и оборудование; 2) оружие и снаряжение; керек-жарак коому потребительское общество; керек-жарак кооперациясы потребительская кооперация; керек-жарак союзу потребительский союз.
зат.Курал.Жоо жарагы. Барбаган жер, баспаган жол калбады, Жатсам, турсам колдон түшпөй жарагым (Үмөталиев). Белгилүү жерге барышып, Белендеп жарак алышып (Аалы).
Азыркы кыргыз тилинде жарак сөзү «курал», «жабдык» маанисинде колдонулат. Бул сөз байыркы түрк тилинде йарак түрүндө «жоокердин үстүнө кийген баданасы, калканчы» маанисинде гана болгон (ДТС, 239). Байыркы йарак сөзү йар+ак бөлүктөрүнөн турушу, йар уңгусу «тери» маанисиндеги сөз болушу мүмкүн. Анткени азыркы кыргыз тилинде тери-жары деген кош сөздөгү жары сөзү жана жарганат сөзүндөгү жар сөзү «тери» маанисиндеги сөз. Ошол жар сөзүнө кичирейтүүчү -ак мүчөсү жалгануудан келип чыккан йарак сөзү «териче» же «тери сыяктуу нерседен жасалган буюм» маанисин билдирген сөз болгон. Байыркы кездеги калкандар, бадана менен чарайналар катырылган териден жасалгандыктан, алардын аты да терини билдирген йарак сөзү менен аталышы мүмкүн.
1. Жалпы эле ар кандай керектөөлөргө пайдаланылуучу курал-шайман, жабдык. Жарагы барбы Токоңдун, Өлгөндү жерге көмүүгө? (Токтогул). Камдашып жолдошуна жарак аспап, Шаттанган эмгек үнү күлүп шак-шак (Бөкөнбаев). Ээр токум, ат жарак, баарысынан айрылып («Манас»). 2. Согуштук куралдар, жоого каршы колдонулуучу курал. Кылыч, мылтык жарагы бар, Чолок сары тон кийген (Бөкөнбаев). Колундагы таякпы же жаракпы, ажырата албадык (Жантөшев).
зат.1. Жарылган жыгач отун, майда чамынды. Эки жараканын башын отко салып коюп бир кемпир отурат (Бөкөнбаев). Алдагы жаракаңды ташта (Аалы)
2. Жарылуудан пайда болгон жылчык, тешик, ажырап кеткен жик.Жакшы го сенин жыгачың, Жарака кетип сынбаган (Токтогул). Батый жеңиштүү эмгек үчүн тапшырылган Кызыл тууну чоң таштын жаракасына сайып, Самат экөөлөп бекем орнотушту (Сасыкбаев).
1. Жарылган бир бөлүк же майдаланып бөлүнгөн бир сынык (көбүнчө отунга карата). Эки жараканын башын отко салып коюп бир кемпир отурат (Бөкөнбаев). 2. Узатасынан кеткен жарык, жарык калтыра сынган же ажырап кеткен жик. Жакшы го сенин жыгачың, Жарака кетип сынбаган (Токтогул). Жото жиликтен жаракага айландыра кур ороп, шакшак коюп, таңууга киришти (Осмоналиев). Батый жеңиштүү эмгек үчүн тапшырылган кызыл тууну чоң таштын жаракасына сайып, Самат экөөлөп бекем орнотушту (Сасыкбаев). 3. өт. Ынтымагы, ыркы кетүү, арасы ачыла баштоо, араздашуу. Сүйүнбай менен Асылдын арасына жарака түштү, эми Бөлөбала менен Алапайдын артын көрөбүз деп аңдып калышкан (Өгөбаев).
Ынтымагы, ыркы кетүү, арасы ачыла баштоо, араздашуу. Сүйүнбай менен Асылдын арасына жарака түштү, эми Бөлөбала менен Алапайдын артын көрөбүз деп аңдып калышкан (Өгөбаев).
сын.1. Керексиз, ылайыксыз, эч нерсеге жарабаган. Кай бирин жараксыз иретинде четке кагып таштаган («Советтик Кыргызстан»). Жараксыз таштанды. 2. Майып, иштөөгө жарабаган.Бир колум жараксыз болуп, эптей албаганыман кетменди сага алып келип саптатайын дедим эле («Ала-Тоо»).
invalid (adjective)
Erroneous or unrecognizable because of a flaw in reasoning or an error in input. Invalid results, for example, might occur if the logic in a program is faulty.
1. Колдонууга, пайдаланууга жарамдуу эмес, керектөөдөн чыгып калган, керексиз. Атууга жараксыз кылды («Ала-Тоо»). Кай бирин жараксыз иретинде четке кагып таштагансыйт. 2. Курал-жарагы жок, куралданбаган. Найзасынан айрылып жараксыз калды.
ЖАРАКСЫЗДОО – товардын сапатынын, кутусунун жана сырткы жасалгаланышынын тийиштүү стандарттардын жана сатуу келишимдеринин шарттарына туура келүүсүн текшерүү. Атайын мамлекеттик уюмдар же атайын бракерлер тарабынан ишке ашырылат. Ырасмий товар жүгүртүүчүлөр (бракерлер) тарабынан товарларды күбөлөө учурунда табылган жараксыздыктар дагы Ж. катары түшүнүлөт.
ЖАРАКСЫЗДОО БАРАКЧАСЫ – өндүрүүчү, сатуучу, ошондой эле сатып алуучу тарабынан өндүрүлгөн материалдык баалуулуктардын сапатына көзөмөлдүк кылган учурда кездешкен мүчүлүштүктөрдү каттоо үчүн түзүлгөн жардамчы документ.
Куралдануу, курал-жарак алуу, курал-жарак менен камсыз болуу. Баары тегиз жарактанган, Бардеңкелер асынган (Бөкөнбаев). Кезенип уландар да жарактанды (Токомбаев).
жарактуу I и. д. отжарактан-. жарактуу II 1. годный, пригодный, жумушка жарактуу работоспособный; 2. то же, что куралдуу; жарактуу күнү жоо келбейт погов. когда (человек) вооружён, так и враг не приходит.
Iсын. Куралдуу, колунда курал-жарагы бар, куралданган. Жарактуу отряд. Ал экөөнүн артында жарактуу көп киши (Жантөшев). Жарактуу күнү жоо келбейт (макал).
ЖАРАКТУУIIсын. Жарамдуу, жарай турган; алгылыктуу. Жумушка жарактуу. Жарактуу кептен ырдады (Осмонкул).
1. Пайдаланууга, колдонууга жарай турган, керектүү, жарамдуу. Кайсы печка жарактуу, кайсынысын ремонттоо керек, кээ бирөөнү бузуп жаңы салына тургандыгын кеңешишти (Бейшеналиев). 2. Куралдуу, колуна курал алган, курал-жарагы бар, куралданган. Элүүдөн ашык өң жарактуу кишилер Асантай тобун курчай калышты (Сыдыкбеков). Жарактуу кол куралсын аба! (Турусбеков). Черновдун эшигинин алдында жарактуу бир солдат турат (Жантөшев).
validation (noun)
The process of confirming that data passing into the system is correct and complies with predefined rules, definitions, or parameters.
ЖАРАКТУУЛУКТУН КЕПИЛДИК МӨӨНӨТҮ – даярдап чыгаруучу тарабынан белгилүү бир убакыт ичинде баардык белгиленген стандарттар же башка милдеттүү эрежелер так сакталганда гана, продукциянын колдонуу көрсөткүчтөрү менен керектөө касиеттери жарактуу боло турган мезгил аралыгы Ж. к. м. продукция чыгарылган күндөн колдонууга жарактуу боло турган күнгө чейинки, же болбосо колдонууга жарактуу боло турган мезгилге чейинки мезгил аралыгы менен белгиленет. Ж. к. м. өткөндөн кийин, адатта, продукция өзүнүн керектөө касиетин жоготот жана ал өз багытында колдонуудан чыгат (м.: батарейка, дары-дармек ж. б.).
сын.Куралдуу, колунда жарагы бар, куралданган.Жаракчан таалай издеп эл толкуду, Колунда жармачтардын балта-керки (Аалы). Баары мылтык-кылыч жаракчан (Шамшиев).