Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде жарак сөзү «курал», «жабдык» маанисинде колдонулат. Бул сөз байыркы түрк тилинде йарак түрүндө «жоокердин үстүнө кийген баданасы, калканчы» маанисинде гана болгон (ДТС, 239). Байыркы йарак сөзү йар+ак бөлүктөрүнөн турушу, йар уңгусу «тери» маанисиндеги сөз болушу мүмкүн. Анткени азыркы кыргыз тилинде тери-жары деген кош сөздөгү жары сөзү жана жарганат сөзүндөгү жар сөзү «тери» маанисиндеги сөз. Ошол жар сөзүнө кичирейтүүчү -ак мүчөсү жалгануудан келип чыккан йарак сөзү «териче» же «тери сыяктуу нерседен жасалган буюм» маанисин билдирген сөз болгон. Байыркы кездеги калкандар, бадана менен чарайналар катырылган териден жасалгандыктан, алардын аты да терини билдирген йарак сөзү менен аталышы мүмкүн.