Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жарылган бир бөлүк же майдаланып бөлүнгөн бир сынык (көбүнчө отунга карата). Эки жараканын башын отко салып коюп бир кемпир отурат (Бөкөнбаев). 2. Узатасынан кеткен жарык, жарык калтыра сынган же ажырап кеткен жик. Жакшы го сенин жыгачың, Жарака кетип сынбаган (Токтогул). Жото жиликтен жаракага айландыра кур ороп, шакшак коюп, таңууга киришти (Осмоналиев). Батый жеңиштүү эмгек үчүн тапшырылган кызыл тууну чоң таштын жаракасына сайып, Самат экөөлөп бекем орнотушту (Сасыкбаев). 3. өт. Ынтымагы, ыркы кетүү, арасы ачыла баштоо, араздашуу. Сүйүнбай менен Асылдын арасына жарака түштү, эми Бөлөбала менен Алапайдын артын көрөбүз деп аңдып калышкан (Өгөбаев).