Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Керексиз, ылайыксыз, эч нерсеге жарабаган. Кай бирин жараксыз иретинде четке кагып таштаган («Советтик Кыргызстан»). Жараксыз таштанды.
2. Майып, иштөөгө жарабаган. Бир колум жараксыз болуп, эптей албаганыман кетменди сага алып келип саптатайын дедим эле («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колдонууга, пайдаланууга жарамдуу эмес, керектөөдөн чыгып калган, керексиз. Атууга жараксыз кылды («Ала-Тоо»). Кай бирин жараксыз иретинде четке кагып таштагансыйт. 2. Курал-жарагы жок, куралданбаган. Найзасынан айрылып жараксыз калды.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАКСЫЗДОО – товардын сапатынын, кутусунун жана сырткы жасалгаланышынын тийиштүү стандарттардын жана сатуу келишимдеринин шарттарына туура келүүсүн текшерүү. Атайын мамлекеттик уюмдар же атайын бракерлер тарабынан ишке ашырылат. Ырасмий товар жүгүртүүчүлөр (бракерлер) тарабынан товарларды күбөлөө учурунда табылган жараксыздыктар дагы Ж. катары түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАКСЫЗДОО БАРАКЧАСЫ – өндүрүүчү, сатуучу, ошондой эле сатып алуучу тарабынан өндүрүлгөн материалдык баалуулуктардын сапатына көзөмөлдүк кылган учурда кездешкен мүчүлүштүктөрдү каттоо үчүн түзүлгөн жардамчы документ.