Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАКСЫЗДОО – товардын сапатынын, кутусунун жана сырткы жасалгаланышынын тийиштүү стандарттардын жана сатуу келишимдеринин шарттарына туура келүүсүн текшерүү. Атайын мамлекеттик уюмдар же атайын бракерлер тарабынан ишке ашырылат. Ырасмий товар жүгүртүүчүлөр (бракерлер) тарабынан товарларды күбөлөө учурунда табылган жараксыздыктар дагы Ж. катары түшүнүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРАКСЫЗДОО БАРАКЧАСЫ – өндүрүүчү, сатуучу, ошондой эле сатып алуучу тарабынан өндүрүлгөн материалдык баалуулуктардын сапатына көзөмөлдүк кылган учурда кездешкен мүчүлүштүктөрдү каттоо үчүн түзүлгөн жардамчы документ.