Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Пайдаланууга, колдонууга жарай турган, керектүү, жарамдуу. Кайсы печка жарактуу, кайсынысын ремонттоо керек, кээ бирөөнү бузуп жаңы салына тургандыгын кеңешишти (Бейшеналиев). 2. Куралдуу, колуна курал алган, курал-жарагы бар, куралданган. Элүүдөн ашык өң жарактуу кишилер Асантай тобун курчай калышты (Сыдыкбеков). Жарактуу кол куралсын аба! (Турусбеков). Черновдун эшигинин алдында жарактуу бир солдат турат (Жантөшев).