Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Жайды бир жерде өткөрүү, жайында бир жерде туруу. Суу сугарып, арык чаап, Саратан чөлдү жайладың (Тоголок Молдо).
ЖАЙЛА II этиш. 1. Жайгаштыруу, орду-ордуна коюу, тартипке салуу; тынчытуу (мис., көңүлдү). Малыңды жайлап болгон соң, Келгиле калбай жабыла (Токтогул). Кыйыштырып сөз сүйлөп, Кыйланын көөнүн жайлаган (Осмонкул).
2. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Бир канчасын жайлап, далайларын туткунга алдык (Каралаев). Алышкан жоосун жайлаган, Алп мүчөлүү сен кимсиң? («Манас»).
ЖАЙЛА III этиш. Акырындоо, шашпоо, жай кыймылда болуу. Күрпүлдөк суусу жайлап агып, жээгине камыш өнө баштайт (Сыдыкбеков).
ЖАЙЛА IV этиш. эс. Сыйкырлап күн жаадыруу. Кар жаадырган Элдияр, Кара таш салып күн жайлап («Эр Табылды»). Күндү катуу жайладым, Күз булутун байладым («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайла- I
1. летовать, быть на летних пастбищах; проводить лето где-л.;
жайында чөлдү жайладың ты лето проводил в степи;
Аксуунун башын жайладык фольк. мы летовали в верховьях Аксу;
2. обитать, пребывать, располагаться;
карарып багы дүмпөйүп, колхоздор жайлап жаткан жер стих. темнеющие густые сады - это место расположения колхозов.
жайла- II
1. приводить в порядок, размещать; благоустраивать;
малды жайла- присматривать за скотом (привязывать, задавать корм и т.д.);
малыңды жайлап болгон соң, келгиле калбай жабыла фольк. когда вы управитесь со скотом, приходите сюда все до одного;
аны-муну жайла приведи в порядок то-сё;
ага конорго туур жайлаптыр фольк. для сидения устроили ему туур (см.);
2. успокоить;
көңүл жайла- успокоить сердце;
сенден өчүм аламын, көөнүмдү жайлап каламын фольк. тебе я отомщу и сердце своё успокою;
3. перен. убить;
жаткан жеринде жайлады он убил его на том месте, где тот лежал.
жайла- III
(или жай жайла- или күн жайла-)
вызывать изменение погоды при помощи жай таш (см. таш I);
айла менен жай жайлап фольк. хитростью изменив погоду.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Эпостордо, жомоктордо жана болмуштарда дуба менен күндү жайлап, жайдын күнү кар жаадырган жадыгөйлөр болгону жөнүндө маалыматтар айтылат. Мындагы жайла сөзү жай+ла бөлүктөрүнөн турат. Анын жай уңгусу жай таш деген учурда айтылат. Бул жай сөзү байыркы түрк эстеликтеринде йат түрүндө айтылган (ДТС, 247). Ал иранча джаду сөзүнө туура келген (ПРС, 144). Байыркы түрктөр жана ирандар йат ташын дубалап, жайчы кишилер кар, жамгыр жаадырат деп ишенишкен. Кыргыз тилиндеги жай таш, жайла, жайчы сөздөрүнүн уңгусун түзгөн жай дегени байыркы түркчө йат сөзүнүн т тыбышы й тыбышына алмашуудан келип чыкса, жадаа, жадыгөй, жадыгөр деген учурларда иранча формасы сакталган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жайды бир жерде өткөрүү, жайында бир жерде туруу, кандайдыр бир жайлоодо болуу. Суу сугарып, арык чаап, Саратан чөлдү жайлаган (Тоголок Молдо). Жазында жака жайлаган, Жанаша кулун байлаган (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жайгаштыруу, орундаштыруу, иреттөө, иретке келтирүү, тейлөө, камдоо. Асыл меймандардын аттарын жайла (Касымбеков). Зубайда өзүнө бир кишилик башка төшөк жайлап алды (Убукеев). Жеми, чөбүн жайлаңар (Токтогул). 2. Тынчытуу, ыраазы кылуу. Жакып уулунун жана анын жолдошторунун көңүлүн жайлады (Бейшеналиев) 3. өт. Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Баатырлыгы ошондой, Ким сайышса жайлаган («Курманбек»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от жайла- II
(обычно с көңүл) разместиться; прийти в норму; успокоиться;
көңүлү жайланды его сердце успокоилось, он успокоился;
бир аз эс алып, көңүлү жайланган он немного отдохнул и пришёл в себя;
жайкын жатып бир күнү, жайланып, тамак ичпедик фольк. ни одного дня мы не чувствовали себя спокойно и спокойно не вкушали пищи.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орундашуу, иретке келүү, Конок үйгө кожурашып жайланып (Маликов). Жайланып алсаңар сүйлөшүүгө убактыңар жетишер деймин? (Касымбеков). 2. Тынч алуу, жайбаракаттануу, көңүлү тынчуу. Дасторкон жыйналгандан кийин Бурулча жайланып отуруп алып, сөз баштады (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайланыш I
и. д. от жайлан-.
жайланыш- II
взаимн. от жайлан-
поместиться, разместиться, устроиться, обосноваться; расположиться;
Караколго жайланышып алдым я обосновался, устроился на постоянное жительство в Караколе.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жайлат- I
понуд. от жайла- I;
жайлата всё лето, в течение лета;
жайлата кылган мээнетинин жемиши плоды его трудов за лето;
жайды-жайлата или жайлы-жайлата всё лето, всё лето напролёт.
жайлат- II
понуд. от жайла- II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. Жайды жайлай, жайы менен, жай бою. Жайнаган элди кубанткан Жайлата кылган эмгегиң (Токтогул).
¨ Жайды жайлата — жайлата, жай бою. Бригаданын мүчөлөрү жайды жайлата мыкты эмгектеништи («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. I. Орун алуу, бир жерге орношуу, жайланышуу. Орунга жайлашып отуруу.
  1. 2.                  Элдешүү, тынчышуу, жай сүйлөшүү.

Жайлашып жолго салайын, Жакшылык
кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).
  1. 3.                  Өлтүрүү, жок кылуу, түбүнө жетүү. Келди бекен кырылгыр, Олжобайды жайлашып («Олжобай менен Кишимжан»).

ЖАЙЛАШ II жайла I этишинин кош мамилеси.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Орун алуу, жайланышуу, бир жерге орношуу. Жайлоосу берекелүү малдын жери, Жайлашат шаттуулукта кыргыз эли («Сажи»). 2. Элдешүү, жарашуу, жай сүйлөшүү, тынчышуу, жөнгө салуу, жайгаштыруу. Жайлашып жолго салайын, Жакшылык кылып калайын («Манас»). Жайлашып жакшы жөнөткүн («Курманбек»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Орду-ордуна коюу, орноштуруу, жай-жайына коюу. — Апей, иним келип калды көрүнөт, аларды жайлаштырып келе коёюн («Советтик Кыргызстан»).
2. Элдештирүү, жараштыруу, тынчытып коюу. Жакшы жигит белгиси, Айылдан чыккан чатакты Жайлаштырып бүтөгөн (Осмонкул).