Киргизско-русский словарь Юдахина
мүлк I
ар.
1. имущество (гл. обр. ценное);
козголмо мүлк движимое имущество;
козголбос мүлк недвижимое имущество;
балаңа калды мүлк болуп, болоттон соккон барсканың стих. сыну твоему, как имущество, остался твой кованный из стали молот (из заплачки вдовы кузнеца);
2. достояние, собственность;
элдик мүлк народное достояние;
коомдук мүлк общественная собственность;
3. богатство;
мүлккө жолуктум мне богатство привалило.
мүлк II
южн.
то же, что милк
дёсны.
мүлк III
то же, что бүлүк;
адам кылбас иш кылып, мүлктү салып көңүлгө стих. натворив такого (такой гнусности), чего (ни один) человек не сделает, он внёс в сердце тревогу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Байлык, кенч. Манас [эпосу] баарыбызга орток.. элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Аалы). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛК – 1) баарыдан мурда жактын (жеке адамдын жана юридикалык жактын), мамлекеттин же муниципиалдык түзүлүштүн менчигинде турган, же уюмдун чарба жүгүртүүсүнө же ыкчам башкаруусуна таандык буюмдардын жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы. М. курамына ошондой эле акча жана баалуу кагаздар да кирет; 2) башка жактардан буюм (актив ) же мүлктүк канагаттануу алууга буюм жана мүлктүк укуктарынын жыйындысы; 3) алардын алып жүрүүчүсүнүн мүлктүк абалын (актив жана пассив) мүнөздөөчү буюмдардын, мүлктүк укук жана милдеттердин жыйындысы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»). Катын-бала тим калды, Карманган мүлкү колдо жок («Казыбек»). 2. Байлык, кенч. «Манас» эпосу баарыбызга орток элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев). 3. Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Токомбаев). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛК ЖАЛДОО (ИЖАРА) КЕЛИШИМИ – жалдоого берүүчү (ижарага берүүчү) жалдоочуга (ижара алуучуга) акысына мүлктү убактылуу ээлик кылуу менен пайдаланууга же убактылуу пайдаланууга гана берүүчү жарандык-укуктук келишим. Анын натыйжасында ижарачы алган жемиштер, азыктар жана кирешелер, эгер М. ж. к-нде башка жагдай каралбаса, анын менчиги болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮ ИШЕНИМ БАШКАРУУ КЕЛИШИМИ – ал боюнча бир тарап (башкаруунун уюштуруучусу) өз мүлкүн экинчи тарапка (ишеним башкаруучуга) убактылуу мөөнөткө башкарууга берген, ал эми башка тарап берилген мүлктү башкаруу уюштуруучусунун, же ал көрсөткөн кишинин (пайда көрүүчү) кызыкчылыгы үчүн башкарууга милдеттенген келишим. Мүлктү ишеним башкарууга тапшыруу анын менчиктөө укугунун ишеним башкаруучуга өтүүсүнө алып келбейт.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Доверительное управление имуществом (Trust managing (entrusted administration)) —Доверительное управление имуществом осуществляется по договору доверительного управления, согласно которому одна сторона (учредитель управления) передает другой стороне (доверительному управляющему) на определенный срок имущество в доверительное управление, а другая сторона обязуется осуществлять управление этим имуществом в интересах учредителя управления или указанного им лица (выгодоприобретателя).  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮ КАМОО – мүлктү каттоого алуу, аны тескөөгө тыюу салуу, зарылдыгына жараша аны колдонуу укугун чектөө. КР жарандык-процесстик мыйзамдары боюнча карызкордун мүлкүн камакка алуунун түрү, көлөмү жана мөөнөтү ар учурда мүлктүн өзгөчөлүгү, менчик эсине же ээлик кылуучуга карата маанилүүлүгү, чарбачылык, турмуш-тиричилик же дагы башка колдонуу өзгөчөлүгү, аткаруу документтерин жүзөгө ашырууну камсыз кылуу же башка жагдайлар эске алуу менен, соттук аткаруучу тарабынан аныкталат. КР жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык, М. к. кылмыш-жаза ишинен улам келип чыккан жарандык доону камсыз кылуу үчүн, ошондой эле мүлктү тартып алуу учурларында тергөөчү тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮК ЗЫЯН – мүлктүк чөйрөдөгү зыян алып келүүчү терс өзгөрүүлөр, анда зыян келтирген жак аны мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтурууга милдеттүү. Зыян келтирилгендиги үчүн жооптуу жак соттун чечими менен зыяндын ордун накалай толтурушу мүмкүн (ошол эле түрдөгү жана сапаттагы буюм берүү, бузулган буюмду оңдоо ж. б. у. с.).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – объекти материалдык баалуулуктар: имарат, курулма, жабдуулар, туракжайлар, үй мүлктөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү, жаныбарлар ж. б. болгон камсыздандыруу. Зыян тарткан учурда М. к. болгондо камсыздандыруу суммасы эмес (жеке камсыздандыруудагыдай), камсыздандыруу ордун толтуруусу төлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮК КАМСЫЗДАНДЫРУУ КЕЛИШИМИ – бир тарап (камсыздандыруучу) экинчи тарапка (камсыздануучуга) же келишим пайдасына түзүлгөн башка адамга (пайда алуучуга) келишимде белгиленген жагдай келип жеткенде, ошол жагдайдан улам камсыздандырылган буюмдарда болбосо, камсыздануучунун башка мүлктүк кызыкчылыктарындагы чыгымдарын (камсыздандыруу төлөмдөрүн калыбына келтирүүнү) келишимде каралган шарттарда, келишимде аныкталган кошундунун (камсыздануу кошундусунун) чектеринде төлөп берүгө милдеттене турган келишим.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮК ЧЕНТАЛАП – шайлоо мыйзамынын талабы, ага ылайык белгилүү өлчөмдөн кем эмес салык төлөгөн же белгилүү нарктагы мүлккө ээ жарандарга гана шайлоо (жигердүү же солгун) берилет. XIX кылымда баардык жерлерде таралган; азыркы учурда жарандардын тең укуктуулук принцибине карама-каршы келгендиктен сейрек кездешет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛКТҮ ЭСЕПКЕ АЛУУ ТИЗМЕСИ – аткаруучу документтер боюнча мүлктү өндүрүүнү камсыз кылуу актысы; сот аткаруучулары же мүлктү камакка алуу укугу берилген башка жактар тарабынан түзүлөт. Эсепке алуу тизмесине мүлк өндүрүп алуучуга бериле турган сумманы жана ошого байланыштуу чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон өлчөмдө киргизилет. Эсепке алуу тизмесине мыйзам жүзүндө өндүрүп алууга чегерүү болушу мүмкүн болбогон буюмдар, м.: үй ичиндеги жагдайдын зарыл эмеректери киргизилбейт. М. э. а. т. карызкордун көзалдында жана калыс күбөлөрдүн, зарыл болгон учурларда ички иштер органдарынын катышуусу менен түзүлөт. Карызкор жок болгон шарттарда эсепке алуу тизмеси анын үйбүлө мүчөлөрүнүн ичинен жашы жеткен бирөөнүн көзалдында, уюмдун жооптуу кызматкеринин, ал адамдар жок болгон учурда – жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын өкүлүнүн көз алдында түзүлөт. М. э. а. т. жөнүндө актыга сот аткаруучусу жана мүлктү эсепке алуу үчүн каттоого катышкан адамдар кол коюшат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МҮЛК УКУГУ – мүлккө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө байланышкан укук мамилелеринин катышуучуларынын, ошондой эле ал мүлктөрдү бөлүшүү жана алмашуу (товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, баалуу кагаздарды, акчаларды ж. б.) боюнча материалдык (мүлктүк) талаптардан улам жарандык жүгүртүмдүн катышуучуларынын ортосунда пайда болуучу субъективдүү укук. М. у. менчик ээсинин чарба жүргүзүү укугуна, ыкчам башкаруу укугуна (буюмга М. у.) жана милдеттенмелик укукка (а. и. жарандын өмүрүнө жана саламаттыгына келтирилген зыянды калыбына келтирүү, ошондой эле жеке адамдын жана юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыяндарды калыбына келтирүү), авторлордун жана ойлоп табуучулардын сыйакы алуу укугуна, мураскорлук укуктарга укуктуулугу болуп саналат.