Мүлктү ишеним башкаруу келишими
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)МҮЛКТҮ ИШЕНИМ БАШКАРУУ КЕЛИШИМИ – ал боюнча бир тарап (башкаруунун уюштуруучусу) өз мүлкүн экинчи тарапка (ишеним башкаруучуга) убактылуу мөөнөткө башкарууга берген, ал эми башка тарап берилген мүлктү башкаруу уюштуруучусунун, же ал көрсөткөн кишинин (пайда көрүүчү) кызыкчылыгы үчүн башкарууга милдеттенген келишим. Мүлктү ишеним башкарууга тапшыруу анын менчиктөө укугунун ишеним башкаруучуга өтүүсүнө алып келбейт.