Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»). Катын-бала тим калды, Карманган мүлкү колдо жок («Казыбек»). 2. Байлык, кенч. «Манас» эпосу баарыбызга орток элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев). 3. Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Токомбаев). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).