мүлктүк
мүлктүк зыян (экон.)
мүлктү конфискация лоо
мүлктүк кылмыштар
мүлктүк салык (экон.)
МҮЛКТҮК ЗЫЯН – мүлктүк чөйрөдөгү зыян алып келүүчү терс өзгөрүүлөр, анда зыян келтирген жак аны мыйзамдарда белгиленген тартипте ордун толтурууга милдеттүү. Зыян келтирилгендиги үчүн жооптуу жак соттун чечими менен зыяндын ордун накалай толтурушу мүмкүн (ошол эле түрдөгү жана сапаттагы буюм берүү, бузулган буюмду оңдоо ж. б. у. с.).
МҮЛКТҮК ЗЫЯН КЕЛТИРҮҮ – зыян келтирүүнүн же келишимди аткарбай коюу менен, жеке же юридикалык жактардын мүлкүнө зыян келтирүү.
МҮЛКТҮК КАМСЫЗДАНДЫРУУ – объекти материалдык баалуулуктар: имарат, курулма, жабдуулар, туракжайлар, үй мүлктөрү, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү, жаныбарлар ж. б. болгон камсыздандыруу. Зыян тарткан учурда М. к. болгондо камсыздандыруу суммасы эмес (жеке камсыздандыруудагыдай), камсыздандыруу ордун толтуруусу төлөнөт.
МҮЛКТҮК КАМСЫЗДАНДЫРУУ КЕЛИШИМИ – бир тарап (камсыздандыруучу) экинчи тарапка (камсыздануучуга) же келишим пайдасына түзүлгөн башка адамга (пайда алуучуга) келишимде белгиленген жагдай келип жеткенде, ошол жагдайдан улам камсыздандырылган буюмдарда болбосо, камсыздануучунун башка мүлктүк кызыкчылыктарындагы чыгымдарын (камсыздандыруу төлөмдөрүн калыбына келтирүүнү) келишимде каралган шарттарда, келишимде аныкталган кошундунун (камсыздануу кошундусунун) чектеринде төлөп берүгө милдеттене турган келишим.
МҮЛКТҮК ЧЕНТАЛАП – шайлоо мыйзамынын талабы, ага ылайык белгилүү өлчөмдөн кем эмес салык төлөгөн же белгилүү нарктагы мүлккө ээ жарандарга гана шайлоо (жигердүү же солгун) берилет. XIX кылымда баардык жерлерде таралган; азыркы учурда жарандардын тең укуктуулук принцибине карама-каршы келгендиктен сейрек кездешет.