мүлк
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»).
- 2. Байлык, кенч. Манас [эпосу] баарыбызга орток.. элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев).
- 3. Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Аалы). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).