Киргизско-русский словарь Юдахина
мурун I
1. нос;
мурду, мурдуң, мурдум или муруну, мурунуң, мурунум его нос, твой нос, мой нос;
оозду бүйүрсө болот, көздү сүзсө болот, бу кудай урган мурунду кантсе болот? погов. губы (букв. рот) можно бантиком сложить, глаз можно кокетливо прищурить, а что с проклятым носом делать? (его не изменишь);
атам-энем бар болсун, оозу-мурду жок болсун погов. шутл. родители у меня пусть будут, но носа и рта пусть у них не будет (старики в своё время попили-поели, теперь очередь за детьми);
мурду түшүп калыптыр у него нос провалился;
мурунунун таноосу бурулуш жылга буткулдай фольк. ноздри его носа подобны извилистой ложбине;
мурунуна мурунун кыйып койгон немедей фольк. нос (сына) - вылитый его (отца) нос;
ит мурдуна суу киргенде сүзөт погов. собака плывёт тогда, когда к её носу вода подберётся;
мурдуна бок (эвф. кык или көө) сүртсө, билбейт ему хоть нос дерьмом (эвф. навозом, сажей) натри, он не заметит (о человеке абсолютно безобидном, ко всему равнодушном);
мурду-башы его лицо, его физиономия;
2. ноздря;
эки мурду дардактап или эки мурду дердеңдеп фольк. его ноздри раздуваются;
мурдум (мурду) балта кеспейт плевал я (он) на всё и всех; мне (ему) сам чёрт не брат; мне (ему) всё трын-трава;
мурдунан көк буу чыгып турат к нему на козе не подъедешь (заважничал);
мурдунан көп- заважничать;
мурдун көтөрүп калды он нос задрал;
мурдунан семиргендер толстомордые;
мурду бүткөн или мурду бүтөлгөн у него всего вдоволь;
акча жагынан мурдуң бутту го ведь денег у тебя хоть отбавляй;
эт жагынан мурун бүтүп атат мясо в изобилии;
мурду менен жер саят он тычется носом;
ачуусу мурдунун учунда он очень вспыльчив;
эки колубузду мурдубузга тыгып кала бердик мы остались с носом;
мурдун жеңине катып, баш көтөрө албайт он поджал хвост, опустил голову; ему сбили спесь (букв. спрятав нос свой в рукав, он не может поднять головы);
күндүн мурду чыкканда или күндүн мурду жайыла или күндүн мурду жайылары менен как только начало всходить солнце; рано утром;
күндүн мурду жайылды (при восходе) солнце разлило свой свет;
мурдун тарта албаган
1) сопляк;
2) молокосос;
3) беспомощный;
өзүнүн мурдун тарта албаган кимдин бетин жууйт? кому она может лицо помыть, когда себе нос вытереть не может?
мурун текей фаза игры в чижика (когда чижик кладётся на нос и отсюда сбивается);
мурду салаңдаган длинноносый;
ит мурун шиповник;
орок мурун или куш мурун нос крючком, горбоносый;
кыр мурун см. кыр I;
боорсок мурун см. боорсок.
мурун II
(см. мурда)
раньше, прежде;
бир күн мурун на день раньше;
күн мурун заранее;
тойго барсаң мурун бар;
мурун барсаң, орун бар погов. если идёшь на пир, иди раньше; если пойдёшь раньше, место будет (букв. место есть; т.е. можешь получить хорошее место);
мурунураак несколько раньше;
мурун кайда элең? или мурун кайда жүрдүң? или мурун эмне кылып жүрдүң? чего ты раньше смотрел? (почему ты теперь говоришь об этом?);
мурун-кийин в отриц. обороте никогда раньше;
мен сизди мурун-кийин көрбөгөндүктөн, тааныбай калдым так как я вас раньше не видел, то и не узнал;
мурун-кийин көрүшпөсөк да, көлүүгө мажбур болдум хотя мы раньше никогда не встречались, я вынужден был прийти (сюда).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Адамдардын, айбандардын тумшук жагындагы жыт алуу органы. Ууз кымыздын жыты, жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Ит мурдуна суу киргенде сүзөт (макал).
Күндүк мурду чыкканда — күн чыгып келе жаткан учурда, күн жаңыдан көрүнгөндө. Ачуусу мурдунун учунда — ачуусу чукул. Мурдун көтөрүү — мактанган, кекирейген, көпкөн, чиренген абалда болуу. Эки колун мурдуна тыгып калуу — куру калуу. Кулак-мурун кескендей. к. кес I. Мурдуна суу жетүү к. суу I. Мурдунан жетелетүү — бирөөнүн таасиринде болуу, бирөөгө көз каранды болуу.
МУРУН II такт. 1. Башта, өткөн учурда, илгери, мурда. Бирок бул жөнүндө мен мурун такыр ойлогон эмесмин (Жантөшев). Мындай сонун теңчилик, Кылымда мурун болбогон (Жантөшев).
2. Адегенде, ириде, озунуп. Чабал өрдөк мурун учат (макал).
Элден мурун — баарынан мурун; а дегенде, ириде. Күн мурун к. күн.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Адамдын жана жаныбарлардын жыт билүү органы» деген маанидеги мурун сөзүнүн бура «жытта», бур «шимшиле» этишинен келип чыкканы жөнүндө Ю. Немет, В. Мункачи, В- Банг, А. Зайончковский, Г. Рамстедттер айтышкан (Севортян, 1978, 270). Бирок бур этиши кайсы тилде «жытта» маанисин бергендиги көрсөтүлбөгөндүктөн, Э. В. Севортян буры «жыпар жыттануу, буркуроо» (мисалы: кырг. гүл бурады, жыт бурады) этишине байланыштырат (Севортян, 1978, 271). Уйгур тилинде пурумак этиши «жытта» маанисинде айтылат (УйРС, 260). Мына ошол этиш байыркы түрк тилдеринде буру түрүндө айтылган, ага зат атооч жасоочу -н мүчөсү жалганып, бурун «жыт билүүчү орган» сөзү көлип чыккан. Кыргыз тилинде жана айрым түрк тилдеринде сөздүн башкы б тыбышы м тыбышына алмашып, мурун болуп калган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Мурда сөзүнө маанилеш мурун сөзү жогорку мурун сөзүнүн өтмө маанисинен келип чыккан. Ал үчүн мурун сөзүнүн мурун жак, мурун чакта деген тизмегинин аныкталгыч сөздөрү түшүп калып, аныктагычынын өзү эле калган. Натыйжада мурун чакта келди деген сүйлөм мурун келди болуп айтылып кеткен. Ушул сыяктуу жол менен мурун чакта деген сөздүн чак дегени же мурун+жакта дегендин жак дегени уңгунун аяккы мууну менен кошо түшүп калып, -да мүчөсү мур уңгусунан кийин улана турган болуп калган: мурин жакта>мурда, мурун чакта>мурда.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподобляться в отношении носа кому-чему-л.; иметь нос, похожий на что-л., подобный чему-л., такой же, как у кого-л.;
ат баскан бака мурундан- иметь приплюснутый нос;
өйдө качкан элик мурунданган нос его подобен носу косули, бегущей вверх.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн же айбанаттын мурду сыяктанып кетүү, окшоо. Атасы мурундаган неме. Мустафа өйдө качкан элик мурунданат (Сасыкбаев). Бир аз жылуу бирдеме ууртаса эле ушинтип уй мурунданып мурдунун үстү тердеп чыгат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Адамдардын, айбандардын тумшук жагындагы жыт сезүү, искөө органы. Ууз кымыздын жыты, жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Ит мурдуна суу киргенде сүзөт (макал). Мурдумду тосуп тоонун закымына, Камчыны сермеп аттын такымына (Кожомбердиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башта, өткөн учурда, илгери, мурда. Бирок бул жөнүндө мен мурун такыр ойлогон эмесмин (Жантөшев). Мындай сонун теңчилик Кылымда мурун болбогон (Жантөшев). 2. А дегенде, ириде, озунуп. Чабал өрдөк мурун учат (макал).

Киргизско-русский словарь Юдахина
прежний;
мурунку заманда в прежние времена;
мурунку өткөн элдер ранее жившие народы, прежние народы;
мурунку маселе старый вопрос, всё тот же старый вопрос;
революциядан мурунку Россияда в дореволюционной России.

Киргизско-русский словарь Юдахина
поводок (бычий), привязываемый к чүлүк'у (см.) или к буйла (см. буйла I);
өгүздүн мурунтугун түрүп кой замотай поводок быка за рога;
торпок сатып алган киши мурунтугун кошо камдаш керек человек, купивший телёнка, должен заодно приготовить поводок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Уйду жетелөө үчүн чүлүгүнө өткөрүлгөн жип. — О..ой, Каным эже, сарала кунаажындын мурунтугун мүйүзүнө түрүп агыт (Бейшеналиев). Мурунтугун чубалтып, ээр токумчан бир таргыл өгүз суу ичип жатат (Баялинов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Уйду унаа катары пайдалануу үчүн анын мурдун тешип, чүлүк өткөзүп, ага жип байлайт. Мына ошол жипти мурунтук дейбиз. Ал сөз мурун+тук бөлүктөрүнөн турат. Бирок мындагы -тук мүчөсү – байыркы -дырык мүчөсүнүн кыскарган түрү. Азыркы сагалдырык, көкүлдүрүк, тамандырык, моюнтурук, көмөлдүрүк сөздөрүндө айтылган -дырык мүчөсү кыскарып, -тук болуп жалганган. Мындай түрлөрү азьркы ооздук, суулук сыяктуу сөздөрдө катышып, -лык мүчөсүнө окшошуп кетет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйду жетелөө үчүн чүлүгүнө өткөрүлгөн жип. – О..ой, Каным эже, сарала кунаажындын мурунтугун мүйүзүнө түрүп агытты (Бейшеналиев). Мурунтугун чубалтып, ээр токумчан бир таргыл өгүз суу ичип жатат (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Акырын, астыртан, жай гана, угулар-угулбас. Анан дагы угулар-угулбас куду өзү менен сүйлөшүп жаткандай мурун учунан сүйлөнө кетчү (Мырзаев). В.: Мурун алдынан. Мурат ага тике карабай, мурун алдынан күңк этти (Даникеев).