мурун
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Адамдардын, айбандардын тумшук жагындагы жыт алуу органы. Ууз кымыздын жыты, жакын отурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). Ит мурдуна суу киргенде сүзөт (макал).
♦ Күндүк мурду чыкканда — күн чыгып келе жаткан учурда, күн жаңыдан көрүнгөндө. Ачуусу мурдунун учунда — ачуусу чукул. Мурдун көтөрүү — мактанган, кекирейген, көпкөн, чиренген абалда болуу. Эки колун мурдуна тыгып калуу — куру калуу. Кулак-мурун кескендей. к. кес I. Мурдуна суу жетүү к. суу I. Мурдунан жетелетүү — бирөөнүн таасиринде болуу, бирөөгө көз каранды болуу.
МУРУН II такт. 1. Башта, өткөн учурда, илгери, мурда. Бирок бул жөнүндө мен мурун такыр ойлогон эмесмин (Жантөшев). Мындай сонун теңчилик, Кылымда мурун болбогон (Жантөшев).
2. Адегенде, ириде, озунуп. Чабал өрдөк мурун учат (макал).
♦ Элден мурун — баарынан мурун; а дегенде, ириде. Күн мурун к. күн.