Киргизско-русский словарь Юдахина
поводок (бычий), привязываемый к чүлүк'у (см.) или к буйла (см. буйла I);
өгүздүн мурунтугун түрүп кой замотай поводок быка за рога;
торпок сатып алган киши мурунтугун кошо камдаш керек человек, купивший телёнка, должен заодно приготовить поводок.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Уйду жетелөө үчүн чүлүгүнө өткөрүлгөн жип. — О..ой, Каным эже, сарала кунаажындын мурунтугун мүйүзүнө түрүп агыт (Бейшеналиев). Мурунтугун чубалтып, ээр токумчан бир таргыл өгүз суу ичип жатат (Баялинов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уйду жетелөө үчүн чүлүгүнө өткөрүлгөн жип. – О..ой, Каным эже, сарала кунаажындын мурунтугун мүйүзүнө түрүп агытты (Бейшеналиев). Мурунтугун чубалтып, ээр токумчан бир таргыл өгүз суу ичип жатат (Баялинов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Уйду унаа катары пайдалануу үчүн анын мурдун тешип, чүлүк өткөзүп, ага жип байлайт. Мына ошол жипти мурунтук дейбиз. Ал сөз мурун+тук бөлүктөрүнөн турат. Бирок мындагы -тук мүчөсү – байыркы -дырык мүчөсүнүн кыскарган түрү. Азыркы сагалдырык, көкүлдүрүк, тамандырык, моюнтурук, көмөлдүрүк сөздөрүндө айтылган -дырык мүчөсү кыскарып, -тук болуп жалганган. Мындай түрлөрү азьркы ооздук, суулук сыяктуу сөздөрдө катышып, -лык мүчөсүнө окшошуп кетет.