Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Уйду унаа катары пайдалануу үчүн анын мурдун тешип, чүлүк өткөзүп, ага жип байлайт. Мына ошол жипти мурунтук дейбиз. Ал сөз мурун+тук бөлүктөрүнөн турат. Бирок мындагы -тук мүчөсү – байыркы -дырык мүчөсүнүн кыскарган түрү. Азыркы сагалдырык, көкүлдүрүк, тамандырык, моюнтурук, көмөлдүрүк сөздөрүндө айтылган -дырык мүчөсү кыскарып, -тук болуп жалганган. Мындай түрлөрү азьркы ооздук, суулук сыяктуу сөздөрдө катышып, -лык мүчөсүнө окшошуп кетет.