МУРУН II
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаМурда сөзүнө маанилеш мурун сөзү жогорку мурун сөзүнүн өтмө маанисинен келип чыккан. Ал үчүн мурун сөзүнүн мурун жак, мурун чакта деген тизмегинин аныкталгыч сөздөрү түшүп калып, аныктагычынын өзү эле калган. Натыйжада мурун чакта келди деген сүйлөм мурун келди болуп айтылып кеткен. Ушул сыяктуу жол менен мурун чакта деген сөздүн чак дегени же мурун+жакта дегендин жак дегени уңгунун аяккы мууну менен кошо түшүп калып, -да мүчөсү мур уңгусунан кийин улана турган болуп калган: мурин жакта>мурда, мурун чакта>мурда.