лёд; муз жаргыч ледокол; муздай семириптир (о коне) стал как налитой; муздай темир крепкое железо; эми турду камданып, муздай темир кийинип фольк. вот (богатырь) стал готовиться, одеваясь в крепкое железо; жүрөгүнө муз болдум я вызвал у него неприятные чувства или неприятные воспоминания; булут минип, муз бүркүп см.булут.
зат. Тоңуп калган суу. Кар боройлоп кыш да келди ышкырып, Суу да тоңду, көк жалкаяк муз туруп (Үмөталиев).
♦ Музмененташ — абдан муздак. — И-й, колуң муз менен таш болуп калган тура (Байтемиров).
муз муз балык муз доору муз жаргыч муз жүрөк муз калканы муз каптоо муз каптоо доору муз каптоо мезгили муз кескич муздаган сандай болуу муздагы салгылашуу муз тоо (айсберг) (геог.) муз төр муз чөлү (геог.)
Тоңуп калган суу. Кар боройлоп кыш да келди ышкырып, Суу да тоңду, көк жылгаяк муз туруп (Үмөталиев). Бирде жасап кардын, муздун аскасын, Бирде жасап көркөм шаар капкасын (Султанов).
1. Байыркы грек мифологиясындагы илимди, искусствону жана поэзияны колдоочу тогуз кудайдын бири. 2. Поэтикалык көңүл эргүүнүн булагы. Муза менен дүнүйөгө, Чын берилгем, табынгам (Сажи). Өзүң ырчы болбогон соң, музага жете албайсың тулпар минип чапсаң да.
дин. Жардам, коргоочу, таяныч, кеңеш. Ушул күн бизге теңдик берген күнү, Музаврат барыбызга келген түнү, Жарыкка жаңы чыгып караңгыдан, Ким болсо өз абалын сүргөн күнү (Тоголок Молдо).
остывать; чай муздап калыптыр чай остыл, стал холодным; жүрөгүм муздады я разочаровался, я охладел; я огорчился; муздады сенден жүрөгүм фольк. я к тебе охладел.
1. Сууп калуу, муздак болуп калуу. Сакадайдын кайнаткан чайы алда качан муздаган (Жантөшев). 2. Үшүү, үшүп кетүү. 3. Тоңуу, тоңуп калуу, муз болуп катуу. Арык-чөнөктөрдө суулар муздап, балдарга эрмек болду (Абдукаримов). 4. өт. Көңүлү сууй түшүү, көңүлү кайтуу, Мурунку курут үчүн ысыган боюм суу сепкендей муздады (Жантөшев).
1. холодңый, студёный; булактын суусу муздак болот родниковая вода бывает студёной; муздак жууркан настывшее одеяло (напр. зимой); 2. подёрнутый ледком; суунун бетин муздак чалган, куш күйгөн чак, күз эле стих. поверхность воды ледком подёрнулась: то была осень - время ловли хищных птиц; муздак кол гнусная, грязная рука; душмандын муздак колу грязная рука врага.
сын.1. Температурасы төмөн, бир аз суук, шыргалаң. Муздак булак. Муздак суу. Муздак аба. 2.Салкын. Барганда көңүл сергиткен, Баш жагы муздак төр эле (Токтогул).
3. Сууп калган, сууган, муздап калган. Муздак чай. Муздак эт. Муздак тамак.
1. Температурасы төмөн, бир аз суук, шыргалаң. Муздак булак. Муздак суу. Муздак аба. 2. Салкын. Барганда көңүл сергиткен Баш жагы муздак төр эле (Токтогул). 3. Сууп калган, сууган, муздап калган. Муздак чай. Муздак эт. Муздак тамак.
1. Үй шартында, ашканаларда ж. б. азык-түлүктү бузулуп кетүүдөн сактап, муздак же тоңдурулган абалда кармоо үчүн ылайыкталган тиричилик буюму. Этти, сүттү муздаткычта сактоо. «Саратов 2» муздаткычы. 2. Төмөндөтүлгөн температура сакталуучу атайын жасалга, жай. Эт комбинатынын муздаткычы.
зат. Искусство чыгармаларын, тарыхый, техникалык, илимий-табигый экспонаттарды ж. б. жыйып жана сактоочу, аларды элдин көрүүсүнө коюучу мекеме. Сүрөт искусствосунун музейи. Тарыхый музей. Зоологиялык музей.
м. музей (тарых, искусство, табигый-тарыхый жана техника коллекцияларынын эстеликтерин жыйноону, сактоону жана көргөзмөгө коюуну максат кылган мекеме).
МУЗЕЙ (АЖАЙЫПКАНА) – КР мыйзамынын аныктамасы боюнча – ажайыпкана буюмзаттарын сактоо, изилдөө, көрүнөө коюу жана М. коллекциясы үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн коммерциялык эмес маданий мекеме.
Искусство чыгармаларын, тарыхый, техникалык, илимий-табигый экспонаттарды ж. б. жыйып жана сактоочу, аларды элдин көрүүсүнө коюучу мекеме. Сүрөт искусствосунун музейи. Тарых музейи. Зоология музейи.
МУЗЕЙ (АЖАЙЫПКАНА) – КР мыйзамынын аныктамасы боюнча – ажайыпкана буюмзаттарын сактоо, изилдөө, көрүнөө коюу жана М. коллекциясы үчүн менчик ээси тарабынан түзүлгөн коммерциялык эмес маданий мекеме.
Абдан муздак, аябай муздак, тоңуп калган. И-й, колуң муз менен таш болуп калган тура (Байтемиров). Таң атканча бөлмөнүн ичи муз менен таш болуп калган («Ала-Тоо»).
аңч. Көңөсүнөн муруту кайчылашып чыгып туруучу бүркүттүн эң кыраан, алгыр түрү. Муз мурут бүркүт алыпмын, Колума алтын боосу бар («Манас» С. О.). Муз муруттай кымпыйып, даңкы таш жарып, шоораты далайга жете баштаганына дердейип калбады (Субанбеков).
1. сев. лит. (ср. торпок) телёнок-сосунок; 2. сев. телёнок оленя в возрасте года; 3. южн. один из терминов игры "в галечки", "в камушки": камешек, который лежит на полу, нужно подхватить и подбросить; музоо кирпик длинные и красивые ресницы (гл. обр. у молодой женщины, у детей, иногда у юноши); Кошоктолуу кош музоо (в народной астрономии) название созвездия; музоо тиш өрүлгөн камчы плеть, сплетённая особым узором; музоосунда сүздүргөн он с детства забит, запуган; музоо баш (или музообаш) 1) медведка; 2) фаланга.
Жаш кезинен, башынан эле моюн сунуп, баш ийип калуу, коркуп жалтак болуп калуу, бел аддырып коюу. Бардыгы тең музоосунда сүздүргөн акмактар да (Жантөшев). Музоосунда сүздүрүп койгон эл колун куушуруп, коюн жетелеп, алдынан тосуп чыкты («Ак Мөөр»). Музоосунда сүздүргөн шоркедейлер да (Бейшеналиев).
Жаш кезинен, башынан эле моюн сунуп, баш ийип калуу, коркуп жалтак болуп калуу, бел алдырып коюу. Бардыгы тең музоосунда сүздүргөн акмактар да (Жантөшев). Музоосунда сүздүрүп койгон эл колун куушуруп, коюн жетелеп, алдынан тосуп чыкты («Ак Мөөр»). Музоосунда сүздүргөн шоркелдейлер да (Бейшеналиев).
Ат жабдыктарын узанууда татаал өрүмдөрдүн бир түрү. Жортуулга камчылана турган камчылардын түшкүнү сокмоктуу болгон. Түшкүндүн сабын чеберлер күздө кыйылган тобулгу (табылгы) же ыргайдан сапташкан. Камчы түшкүнүн көбүнчө жылкынын, торпоктун терисинен өрүшөт. Өрүм сегизден тартып, жыйырма талга дейре жуп сан менен өрүлөт. Өрүлүүчү көктүн талын күндүн табына кургаткандан кийин ашаткыга салып ийлейт. Күдөрү түрдө аябай ийленген аны жаага керилип коюлган жумуру өзөктүн үстүнөн өрө баштайт. Ал кадимки терме өрүмдөй бирдей терилип, бирден басылат. Натыйжада көгү жоон тилинет. Өрүмү жыш түшүп, музоонун тишиндей төрт чарчы көрүнөт. «Музоо тиштин» берки «суйсалма өрүмү», «жылан боор өрүмү» өңдүү татаал өрүмдөрдөн айырмасы байкалып турат. Мисалы, «суйсалма өрүмдө» бирден терилип, үчтөн басылса, «жылан боор өрүмдө» бирден терилип, экиден басылат. Демек, «музоо тиш» бирден басылып, бирден өрүлгөндүктөн учунан да, ортосунан да такыр жанбайт. Айрым өрүмчүлөр «музоо тиш өрүмүн» алты тал эле кайыштан өрүп берет. Ортосуна өзөк коюлуп, өрмөсү анча сыйда болбой, одуракай көрүнөт, өрүмдүн ыкмасы оңой келет. Анда алты тал үчтөн экиге бөлүнүп, өрүмү сол колдон бир талды алдыга коет да, оң колдогу көктү үстүнөн басат. Муну көк менен да чеберлер алты тал аркылуу өрө алат. «Музоо тиш өрүмүн» «торпок тиш» деп да атайбыз.
зат.1. Адамдын ички сезимдерин жана идеяларын ритмикалык жана интонациялык түрдө бириккен үндөр менен берүүчү искусство жана ошол искусствонун чыгармасы. Классикалык музыка. 2. Чыгармаларды музыкалык инструменттерде аткаруу. Музыка менен бийлөө. Делебени козгоп, шаар багынын музыкасы ойнолду (Баялинов).
ж. музыка; танцевать под музыку музыка менен бийлөө; положить на музыку музыкага салуу; написать музыку на слова Пушкина негизине Пушкиндин сөздөрүн салып, музыка жазуу; надоела мне вся эта музыка разг. мунун баары мени тажатып жиберди.
1. Адамдын ички сезимдерин жана ойлорун ыргактуу доош, обон менен берүүчү искусство тармагы жана ошол искусствонун чыгармасы. Классикалык музыка. 2. Чыгармалардын музыкалык аспаптарда аткарылышы. Музыка менен бийлөө. Делебени козгоп, шаар багынын музыкасы ойнолду (Баялинов).
музыкалык музыкалык акустика музыкалык алфавит музыкалык аспап музыкалык аткаруу музыкалык ачкыч музыкалык басым музыкалык добуш музыкалык драма музыкалык жасалга музыкалык жетекчи музыкалык классика музыкалык кутуча музыкалык мектеп музыкалык психология музыкалык сабат музыкалык сыйлыктар музыкалык сын музыкалык тарбия музыкалык түзүлүш музыкалык угум (слух) музыкалык угуу музыкалык учур музыкалык форма музыкалык фраза музыкалык эске тутуу музыкалык эстетика
~, ая, -ое музыка-га т.; музыкалык, музыкалуу; музыкальный инструмент музыкалык инструмент (курал); музыкальное произведение музыкалык чыгарма; музыкальный голос музыкалуу үн (жагымдуу үн); музыкальная школа музыка мектеби.