МУЗООСУНДА СҮЗДҮРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жаш кезинен, башынан эле моюн сунуп, баш ийип калуу, коркуп жалтак болуп калуу, бел аддырып коюу. Бардыгы тең музоосунда сүздүргөн акмактар да (Жантөшев). Музоосунда сүздүрүп койгон эл колун куушуруп, коюн жетелеп, алдынан тосуп чыкты («Ак Мөөр»). Музоосунда сүздүргөн шоркедейлер да (Бейшеналиев).