Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сууп калуу, муздак болуп калуу. Сакадайдын кайнаткан чайы алда качан муздаган (Жантөшев). 2. Үшүү, үшүп кетүү. 3. Тоңуу, тоңуп калуу, муз болуп катуу. Арык-чөнөктөрдө суулар муздап, балдарга эрмек болду (Абдукаримов). 4. өт. Көңүлү сууй түшүү, көңүлү кайтуу, Мурунку курут үчүн ысыган боюм суу сепкендей муздады (Жантөшев).