этиш. Табуу үчүн аракеттенүү; кыдыруу, кароо. Китепте не кааласаң, бардыгы бар, Эринбей карап чыксаң, таамай издеп (Осмонов). Көбөштүн кордугуна чыдай албай Семетейди издеп жөнөйт (Бөкөнбаев).
искать, разыскивать; жол изде- прям. , перен. искать дорогу, искать пути; күрөктүн издегени бок, боктун издегени күрөк погов. два сапога пара (букв. лопата ищет дерьмо, а дерьмо ищет лопату); изимди абдан издей көр не теряй меня из виду; минип жүрүп, атын издейт шутл. сидя (на коне), коня своего ищет.
Бул сөз из+де деген морфемалардан куралганы оңой байкалат. Байыркы кездеги аңчылар жаныбарды изин кууп жүрүп таап алган. Ал кезде изде сөзү өзүнүн түз маанисинде болгон.
1. Табуу үчүн аракеттенүү, көрүү, таап алуу максатында кароо, сурамжылоо, дайынын, кабарын билүүгө аракеттенүү. Камчысын таап алды издеп жүрүп (Турусбеков). Элемандын Төштүгү Агасын издеп калды дейт («Эр Төштүк»). 2. Көздөө, артынан түшүү. Издегени тамаша, сүйлөгөнү күлкү (Сыдыкбеков). Илим издеп кеткен элем алыска (Токомбаев). 3. Иликтөө, изилдөө, караштырып, байкаштырып көрүү. Китепте не кааласаң бардыгы бар, Эрикпей карап чыксаң таамай издеп (Осмонов). Иш издеп шаардан шаарга кетип жүргөн (Үмөталиев).
КОРДОО – кылмыш-жаза укугунда: 1) жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлардын бири; 2) атайылап денсоолукка азыраак залал келтирилген учурда жиктеле турган жагдай; 3) бейбаштыктын белгиси катары жиктелүүчү жагдай; 4) көрсөтмө берүүгө мажбурлоо катары жиктеле турган жагдай; 5) бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосундагы өзара мамилелеринин уставдык эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу белгилеринин бири.
search engine optimization (noun)
The act of modifying the pages of a Web site so that its content is more easily discoverable by Internet search engines.
ср. 1. (изготовление) иштелип чыгарылуу; товар кустарного изделия кустар иштеп чыгарган товар; 2. (продукт производства) иштеп чыгарган буюм; иштеп даярдалган буюм; промышленные изделия өнөр жайларында даярдалган буюмдар.
БУЮМ – саны даана (нуска) менен санала турган өнөржай продукция бирдиги. Б-га жасалып бүткөн жана жасалып бүтөлек өнөржай буюмзаты, а. и. сомдолгон жасалгылар да кирет.
возвр. отизде- быть в поисках чего-л.; домогаться, добиваться чего-л.; Бөрүбай да колхозго өтүү амалын изденди (кулак) Бёрюбай тоже изыскивал способы пробраться в колхоз.
Белгиленген жолдон, багыттан чыкпоо, ошол багытты, жолду бекем кармоо, кыйшаюусуз алып баруу. Биздин жаштарыбыз зор кайрат жана туруктуулук менен изден тайбай иштей тургандыктарына ишендиришкен («Советтик Кыргызстан»).
Белгиленген жолдон, багыттан чыкпоо, ошол багытты, жолду бекем кармоо, кыйшаюусуз аракет кылуу. Өкмөт эл чарбасынын тармактарын кадрлар менен чыңдоого изден тайбастан көңүл буруп келе жатат.
ИЗДЕНҮҮЧҮ (ТАЛАПТАНУУЧУ) – жогорку кесиптик билими бар, илим талапкери илим даражасын изденип алуу үчүн диссертация жазып жаткан адам (аспирантурада окубастан, бирок аспирантурасы бар уюмга бекитилүү менен), же болбосо илим талапкери илимий даражасы бар, илим доктору илимий даражасын изденип алуу үчүн диссертация жазып жаткан адам.
Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж.б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кар-машып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).
Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж. б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кармашып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).