Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Табуу үчүн аракеттенүү; кыдыруу, кароо. Китепте не кааласаң, бардыгы бар, Эринбей карап чыксаң, таамай издеп (Осмонов). Көбөштүн кордугуна чыдай албай Семетейди издеп жөнөйт (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
искать, разыскивать;
жол изде- прям. , перен. искать дорогу, искать пути;
күрөктүн издегени бок, боктун издегени күрөк погов. два сапога пара (букв. лопата ищет дерьмо, а дерьмо ищет лопату);
изимди абдан издей көр не теряй меня из виду;
минип жүрүп, атын издейт шутл. сидя (на коне), коня своего ищет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Табуу үчүн аракеттенүү, көрүү, таап алуу максатында кароо, сурамжылоо, дайынын, кабарын билүүгө аракеттенүү. Камчысын таап алды издеп жүрүп (Турусбеков). Элемандын Төштүгү Агасын издеп калды дейт («Эр Төштүк»). 2. Көздөө, артынан түшүү. Издегени тамаша, сүйлөгөнү күлкү (Сыдыкбеков). Илим издеп кеткен элем алыска (Токомбаев). 3. Иликтөө, изилдөө, караштырып, байкаштырып көрүү. Китепте не кааласаң бардыгы бар, Эрикпей карап чыксаң таамай издеп (Осмонов). Иш издеп шаардан шаарга кетип жүргөн (Үмөталиев).

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КОРДОО – кылмыш-жаза укугунда: 1) жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлардын бири; 2) атайылап денсоолукка азыраак залал келтирилген учурда жиктеле турган жагдай; 3) бейбаштыктын белгиси катары жиктелүүчү жагдай; 4) көрсөтмө берүүгө мажбурлоо катары жиктеле турган жагдай; 5) бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосундагы өзара мамилелеринин уставдык эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу белгилеринин бири.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. (изготовление) иштелип чыгарылуу;
товар кустарного изделия кустар иштеп чыгарган товар;
2. (продукт производства) иштеп чыгарган буюм; иштеп даярдалган буюм;
промышленные изделия өнөр жайларында даярдалган буюмдар.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от изде-
быть в поисках чего-л.; домогаться, добиваться чего-л.;
Бөрүбай да колхозго өтүү амалын изденди (кулак) Бёрюбай тоже изыскивал способы пробраться в колхоз.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Белгиленген жолдон, багыттан чыкпоо, ошол багытты, жолду бекем кармоо, кыйшаюусуз алып баруу. Биздин жаштарыбыз зор кайрат жана туруктуулук менен изден тайбай иштей тургандыктарына ишендиришкен («Советтик Кыргызстан»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ИЗДЕНҮҮЧҮ (ТАЛАПТАНУУЧУ) – жогорку кесиптик билими бар, илим талапкери илим даражасын изденип алуу үчүн диссертация жазып жаткан адам (аспирантурада окубастан, бирок аспирантурасы бар уюмга бекитилүү менен), же болбосо илим талапкери илимий даражасы бар, илим доктору илимий даражасын изденип алуу үчүн диссертация жазып жаткан адам.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж.б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кар-машып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж. б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кармашып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).