Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж.б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кар-машып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).