Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Табуу үчүн аракеттенүү, көрүү, таап алуу максатында кароо, сурамжылоо, дайынын, кабарын билүүгө аракеттенүү. Камчысын таап алды издеп жүрүп (Турусбеков). Элемандын Төштүгү Агасын издеп калды дейт («Эр Төштүк»). 2. Көздөө, артынан түшүү. Издегени тамаша, сүйлөгөнү күлкү (Сыдыкбеков). Илим издеп кеткен элем алыска (Токомбаев). 3. Иликтөө, изилдөө, караштырып, байкаштырып көрүү. Китепте не кааласаң бардыгы бар, Эрикпей карап чыксаң таамай издеп (Осмонов). Иш издеп шаардан шаарга кетип жүргөн (Үмөталиев).