ИЗДЕШПЕЙ ТАБЫШУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кылган иштери, кулк-мүнөзү, кыял-жоругу ж. б. боюнча бири-бирине дал келүү, төп келүү, окшоп калуу. Алар издешпей табышкан жырткычтар экен да баары (Бердикеев). Кол кармашып аллеядан чогуу басышса, «издешпей табышкан экен, карачы» дешип суктанышат адамдар (Мырзаев). Букарбай экөөңөр издешпей табышкансыңар (Бейшеналиев).