этиш.1. Өмүр сүрүү, өмүрдүү болуу. Карысам да, өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет (макал).
2. Белгилүү бир жерде туруу, турмуш өткөрүү. Жерде турмуш күлкү менен өткөндөй, Асманда да күлүп гана жашайбыз (Осмонов). Элден-журттан бөлүнүп, Эченден бери жашадым («Эр Табылды»).
3. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендикти билдирүү. Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Баракелде, жаша, жигит! (Аалы).
жить, существовать, здравствовать; жыйырма жашты жашаган проживший двадцать лет, в возрасте двадцати лет; жашагандын бир күнү бар жарым айга бергисиз фольк. есть (один) день (в) жизни, который не отдашь за полмесяца; көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет погов. знает не тот, кто много жил, а тот, кто много видел; не спрашивай старого, а спрашивай бывалого; ал жашарын жашап, ичерин ичти он отжил свой век; он свой век прожил, своё от жизни взял; жашабагыр! чтоб тебе (ему) не жить!; жашасын! да здравствует! жашамал пожилой. жашаң зелёный, молодой (о траве); зелёная трава; зелень; тизеден чыккан жашаңды жиреп, аркы-терки басат он ходит туда-сюда, рассекая зелёную траву высотою по колено; ачыккан уйлар жашаң бедеге качырып сала беришти голодные коровы набросились на зелёный клевер.
1. Өмүр сүрүү, тирүүлүктө болуу, өмүр жолун улантуу, белгилүү бир жашка чыгуу. Көп жашап, азды көргөн элет адамдарынан экендиктери үчөөнүн тең кебетелеринде турат (Сыдыкбеков). Карысам да өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Атаны арман карылык, Алтымыш жашап карыдык (Токтогул). // Жок болуп кетпөө, өсө берүү, өсүп-өнүгүү. А кээ бир адамга пайдасыз тикендер узак жашайт (Сыдыкбеков). || Унутулбоо, сакталып калуу. Түбөлүк жашап каласың, Эмгегиң сиңсе заманга (Шүкүрбеков). 2. Белгилүү бир жерде туруп калуу, турмуш-тиричилигин өткөрүү. Ата-энем ал жакта жашап калышкан (Жантөшев). 3. Жаша, жашасын формаларында. Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендигин билдирүү, куттуктоо, алкоо, даңазалоо, ураан чакыруу маанисинде колдонулат. Жаша, гүлдө, Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Жарык нурду көрсөткөн Ленин жолу жашасын (Тоголок Молдо). 4. жашабагыр формасында. «Жарыбагыр, оңбогур, узабагыр» деген сыяктуу тилдөө, жемелөө маанисинде колдонулат. Күмүш жеңем жашабагыр деп, күндө үч убак тилдеген (Бөкөнбаев). Муну көрсөң, жашабагыр!
Өсүп жетиле элек туруп, жаш туруп. Жашабай жатып башкы врачтын колтугуна кирип алганын карасаң (Бердикеев). Бактылуу кул экенсиң, жашабай жатып, баарын көрүп келдиң (Абдукаимов). Жашабай жатып мунун жандимилигин кара (Жигитов).
Көбүнчө тилдөө жекирүү маанисинде балдарга, жаштарга карата айтылат. Жашабай жатып башкы врачтын колтугуна кирип алганын карасаң (Бердикеев). Бактылуу кул экенсиң, жашабай жатып, баарын көрүп келдиң (Абдукаимов). Жашабай жатып мунун жандимилигин кара (Жигитов).
ЖАШАГАН ЖЕРИ – турак үй, ижара, кызматтык туракжай, атайын ылайыкташтырылган үйлөр (жатакана, башпаана-мейманкана, ыгын табуу фондунун үйү, багар-көрөрү жок карылардын үйү, майыптар, ардагерлер ж. б. үйлөрү), ошондой эле жарандар туруктуу же көбүнчө жалдоо (жалданма жалдоо), ижарага алуу келишимдери боюнча, же болбосо КР мыйзамдарында каралган башка негиздерде менчик ээлери катары жашап турушкан башка туракжайлар.
Ката элек, жумшак көк чөп, жайкалган көк. Арыктагы суунун шарапаты менен жашаң кайрадан күдүрөйө дагы өсүптүр (Касымбеков). Ашуунун ары түшө калыш жери көк жашаң эле (Баялинов).
Көк жашаң чөптүү, жайкалган көк чөбү бар. Жашаңдуу чөптөн чайнаган, Айгыры зоот жулкунган (Осмонкул). Суунун жээги жашаңдуу, бадалдуу жашыл токой (Касымбеков).
Улгая баштаган, бир топ жашка барган. Жашап калган жоокер, кыздын чыйрак сөзүнөн улам жымыйып калды (Нааматов). Жашап калган адам. Айшанын атасы жашап калган киши экен. В.: Жашы келип калган. Жашыңыз келип калган менен, көкүрөгүңүз тунук, оозуңузда осуятыңыз бар (Егиналиев).
Iсын. Белгилүү бир жашка чыккан. Он үч жашар кыз (Байтемиров). Он жашар жалгыз баламды Ойлонуп күндө сагындым (Токтогул). ЖАШАРIIэтиш. Жаш болуу, баштагыдан бир кыйла жаш көрүнүү, жаңыруу. Сексендеги Байымбет Жигит болуп жашарды (Тоголок Молдо). Кайрат берип партия, Кайра баштан жашардым (Осмонкул).
Белгилүү бир жашка чыккан, белгилүү бир жашта. Уруя деген так Жылдызкандай он үч жашар кыз (Байтемиров). Он жашар жалгыз баламды, Ойлонуп күндө сагындым (Токтогул).
1. Жаш болуу, мурдагысынан бир кыйла жаш көрүнүү. Сексендеги Байымбет, Жигит болуп жашардым (Тоголок Молдо). Эркекыз жашарып кетти (Байтемиров). 2. Жаңыруу, жаңы түргө келүү, жаңыча болуу, жаңыланып өзгөрүү. Эмне үчүн кишилер карыйт, турмуш жашарат? (Сыдыкбеков). 3. Жаңыдан көгөрүү, жашылдануу, жашыл түргө бөлөнүү, бүр байлоо, көк жашаң чөп чыгуу. Жер жаандан кийин кулпунуп жашара түштү (Бейшеналиев). Бактын да жашарып турганы сонун белем (Сыдыкбеков). Жазда баары жашарып, Байчечекей гүл ачты (Тоголок Молдо).
сын.Жаш балдары бар, жаш балдары көп. Аялдын оорусу жашаялмет үй-бүлө үчүн чоң кырсык (Каимов). [Эгинди].. жашаялмет катын-балдар жазы-жайы тынбай тырмактап өстүрөт (Айтматов).