Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАШАГАН ЖЕРИ – турак үй, ижара, кызматтык туракжай, атайын ылайыкташтырылган үйлөр (жатакана, башпаана-мейманкана, ыгын табуу фондунун үйү, багар-көрөрү жок карылардын үйү, майыптар, ардагерлер ж. б. үйлөрү), ошондой эле жарандар туруктуу же көбүнчө жалдоо (жалданма жалдоо), ижарага алуу келишимдери боюнча, же болбосо КР мыйзамдарында каралган башка негиздерде менчик ээлери катары жашап турушкан башка туракжайлар.