Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Белгилүү бир жашка чыккан. Он үч жашар кыз (Байтемиров). Он жашар жалгыз баламды Ойлонуп күндө сагындым (Токтогул).
ЖАШАР II этиш. Жаш болуу, баштагыдан бир кыйла жаш көрүнүү, жаңыруу. Сексендеги Байымбет Жигит болуп жашарды (Тоголок Молдо). Кайрат берип партия, Кайра баштан жашардым (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш болуу, мурдагысынан бир кыйла жаш көрүнүү. Сексендеги Байымбет, Жигит болуп жашардым (Тоголок Молдо). Эркекыз жашарып кетти (Байтемиров). 2. Жаңыруу, жаңы түргө келүү, жаңыча болуу, жаңыланып өзгөрүү. Эмне үчүн кишилер карыйт, турмуш жашарат? (Сыдыкбеков). 3. Жаңыдан көгөрүү, жашылдануу, жашыл түргө бөлөнүү, бүр байлоо, көк жашаң чөп чыгуу. Жер жаандан кийин кулпунуп жашара түштү (Бейшеналиев). Бактын да жашарып турганы сонун белем (Сыдыкбеков). Жазда баары жашарып, Байчечекей гүл ачты (Тоголок Молдо).