Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Өмүр сүрүү, өмүрдүү болуу. Карысам да, өлгүм келбейт. Менин да жашагым келет! (Абдукаримов). Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет (макал).
  1. 2.           Белгилүү бир жерде туруу, турмуш өткөрүү. Жерде турмуш күлкү менен өткөндөй, Асманда да күлүп гана жашайбыз (Осмонов). Элден-журттан бөлүнүп, Эченден бери жашадым («Эр Табылды»).
  2. 3.           Ийгиликтерге жетишүүсүнө, гүлдөп өнүгүшүнө тилектеш экендикти билдирүү. Жаша, гүлдө Кыргызстан, Жаркыраган чыгыштан! (Үмөталиев). Баракелде, жаша, жигит! (Аалы).