ЖАШАП КАЛГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Улгая баштаган, бир топ жашка барган. Жашап калган жоокер, кыздын чыйрак сөзүнөн улам жымыйып калды (Нааматов). Жашап калган адам. Айшанын атасы жашап калган киши экен. В.: Жашы келип калган. Жашыңыз келип калган менен, көкүрөгүңүз тунук, оозуңузда осуятыңыз бар (Егиналиев).