ир. 1. лекарство, снадобье; дары тийдир- смазать каким-л. снадобьем; айыгар оорунун дарысы өзү табылат погов. лекарство от излечимой болезни само находится; бугу дары йодистый калий; дары-дарман или дары-дармек всякого рода лекарства и снадобья, медикаменты; дары-дармек өсүмдүктөрү лекарственные растения; Улукман акенин дарысы панацея от всех болезней; эликсир жизни (букв. снадобье Лукмана - по имени древнего мудреца и непревзойдённого целителя); 2. порох; кара дары чёрный порох; ак дары бездымный порох; ок-дары боевые припасы.
Iзат.1. Ооруга даба болуу, айыктыруу максатына ылайык түрлүүчө жолдор менен даярдалган зат. Ким деген доктор дарылады, кандай дары берди? (Бейшеналиев). Култайдын жарасына дары таап келүүгө кичүү баласы Ошко кеткен (Абдукаримов).
2. өт. Даба, айла, себеп. Тапсаңчы жүрөк дарысын (Аалы). Билсең Кычандын дарысын таптык (Бейшеналиев).
♦Дары-дармек — медикамент, дарылоочу каражаттар. Дары-дармек болчу чөптөр жатат, Тоо кыдырып басканда (Тоголок Молдо). Фельдшер күнүгө бир келип, Лиданы. карап, дары-дармегин берүүчү болду (Жантөшев).
ДАРЫIIзат. Атылуучу куралдардын (мис., мылтыктын) заряддарын, окторун даярдоого колдонула турган жарылгыч зат. Саадакта огум түгөндү, Күпсүрдө дарым күбүлдү («Семетей»). Шахтёрлор мылтык дарысын салып, милте коюшту (Сасыкбаев).
1. Ооруларды айыктыруу, дарылоо, алдын алуу жана ооруларды болтурбай коюу максатында жасалган зат. Ооруп жүрөм. Азыр эле дары ичтим (Каимов). Ким деген доктор дарылады, кандай дары берди? (Бейшеналиев). Апы деген бир дары, Акыректин түбүнө, Азыр сыйпап алды эле («Эр Төштүк»). 2. өт. Даба, айла, амал, себеп. Билсең, Кычандын дарысын таптык (Бейшеналиев). Каарым келип какайдым, Казыр табам дарысын («Эр Төштүк»). Тапсаңчы жүрөк дарысын.
Атууда же жардырууда колдонуу үчүн атайын жасалган тез тутангыч зат. Дарысын ийлеп, ок куюп, Даярланып кырк жигит («Эр Табылды»). Сатар кош оозду асынып чачма менен дарыны арбын алган (Таштемиров). Батыйдын бригадасындагылар дары коюп, жардырган таштарды кашаттын алдына кулатып жатышты (Сасыкбаев).
дарыгер, дарыкер, даригер, дарикер, дарыкеч ир.уст. 1. торговец лекарствами и снадобьями; аптекарь, провизор; 2. лекарь; илдетке шыпаа болуучу аяш атаң Момунжан дарыгер алып келдим, деп фольк. я привёл целителя болезней, друга твоего отца лекаря Момунджана; эң себепкер дарыгер, кылдатты таап алгамын фольк. я нашёл самого искусного, ловкого лекаря.
Дары берүү, дары сыйпоо жолдору менен дарылоочу табып, врач. Эң себепкер дарыгер, Кылдатты таап алгамын («Сейтек»). Азыр санаторийде башкы врач болуп тажрыйбалуу дарыгер Хисамудинова иштейт («Чалкан»). || Аптекарь.
ДАРЫГЕРЛИК СЫРЫ – медициналык жардам алуу үчүн кайрылган жөнжайы, жарандын денсоолук акыбалы, чалдыккан дарттын тек-жайын тактоо ж. б. текшерүү менен дарылоодон улам алынган маалыматтар. Окутууда жана адистик, кызматтык ж. б. милдеттерин аткаруу учурларында белгилүү болгон Д. с-на кирчү маалыматтарды таркатууга жол берилбейт. Мыйзамдарга ылайык жана жарандын макулдугу менен андай маалыматтарды белгилүү бир максатта берүүгө болот. Ошондой эле, эгер мыйзамдарга туура келсе, жарандын улуксаты жок эле бериле берет.
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫ – кошунду усулу же биологиялык технологияны колдонуу менен дарттын алдыналуу, аныктоо, дарылоо, боюнда болтурбоо үчүн кандан, анын курамынан, ошондой эле адамдын же жаныбардын органдарынан, ткандарынан, өсүмдүктөн, минералдан алынуучу заттар, зат кошундулары. Д. к-на дарылык касиеттери бар субстанциялар, өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алынган заттар, жасалма жол менен алынган заттар, ошондой эле дары-дармек каражаттарын чыгарууга жана даярдоого арналган жардамчы материалдар кирет.
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ – дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, колдонууга чейинки жана клиникалык изилдөө, өндүрүү, даярдоо, сактоо, таңгактоо, КР аймагына ташып кирүү, КР аймагынан ташып чыгуу, ташуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, калыпташтыруу жана сапатын көзөмөлдөө, сатуу, маркалоо, жарнамалоо, колдонуу, жараксыз болгон же жарам мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуу сындуу иш-аракеттерди өзүнө камтуучу жалпыланган түшүнүк.
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ СУБЪЕКТИСИ – лицензиянын негизинде дары-дармек жүгүртүүсүн жүргүзө турган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк дагы жактар.
этиш. Оорусуна жараша дары берүү, дары сыйпоо, сүртүү ж.б. аркылуу айыктыруу чараларын көрүү. Алты ай бою дарылап Айыктырды колуңду (Барпы). Ким деген доктор дарылады (Бейшеналиев).
Оорусуна, илдетине, жаратына карата, айыктыруу максатында дары берүү, дары сүйкөө, дары-дармек колдонуу. Ким деген доктор дарылады? (Бейшеналиев). Алты ай бою дарылап, Айыктырды колуңду (Алыкулов).
Жардыруу же талкалоо максатында жарылуучу заттарды (дарыны) колдонуу. Ырдабай кантип коёмун, Дарылап милте от коюп, Капчыгай зоосун жарганын (Сасыкбаев).
ДАРЫЛАП АЙЫКТЫРУУНУН ОРТОЧО НАРКЫ – мамлекеттик бюджеттен бөлүнүүчү, милдеттүү медициналык камсыздандыруудан берилүүчү, калктын кошумча төлөөсүнөн түшүүчү каражаттардын өлчөмдөрүн чагылдыруучу арбир дарылап айыктырган оорулууга кетүүчү акчалай каражаттардын эсептелген орточо көрсөткүчү.
этиш. Жоон үн менен даркырап катуу сүйлөө, катуу үн чыгаруу, ыйлоо. Дарылдап катуу сүйлөгөн адам. Эмгектин эр бозою дарылдатып, Бузду дың, трактору түтүн чачып (Турусбеков). Кичинемде дарылдап ыйлаак болуптурмун («Советтик Кыргызстан»).
1. Үнүн жоон, катуу чыгаруу, баркыроо, дар-дар этип катуу үн чыгаруу. Дарылдаган үн чыгары менен: – О жолдоштор, эркек, журт – деп Чаргын кубанып кеткен (Сыдыкбеков). 2. Даркырап бакыруу, бар үнү менен бакырып ыйлоо. Кичинемде дарылдап ыйлаак да болупмун. 3. Кездеме же кийим айрылганда же сөгүлгөндө чыккандай дар-дар этип катуу дабыш чыгуу. Дарылдап айрылып кетти.
ДАРЫЛОО-ДЕНСООЛУКТУ ЧЫҢДООЧУ ЖЕРЛЕР – жаратылыштык дарылоо ресурстарына ээ жана ооруларды алдыналууну жана дарылоону уюштурууга, ошондой эле калктын эс алуусу үчүн жарактуу, өзгөчө коргоодогу жаратылыш объекттери.
ДАРЫЛОО-ТҮЗӨТҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ – түзөтүү мекемелеринин бир түрү. Д. т. м-нде эркиндигинен ажыратылган өнөкөт аракеч оорулар жана баңгилер, ошондой эле акыл-эстери кирди-чыкты психикалык оорулар жаза мөөнөттөрүн өтөшөт.
ДАРЫЛООЧУ ДАРЫГЕР (ДОКТУР) – саламаттык сактоо уюмдарында дарыланып жаткан жана көзөмөлдө турган пациентке медициналык жардам көрсөтүүчү дарыгер. Мыйзамда белгиленген тартипте аттестациядан жана каттоодон өткөн дарыгер Д. д. боло алат. Д. д. пациенттин же саламаттыкты сактоо уюмунун (анын бөлүмүнүн) жетекчисинин тандоосу боюнча дайындалат. Пациент Д. д-ди алмаштыруу тууралуу талап кылган учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси башка дарыгер тандоого көмөктөшүүгө тийиш. Д. д. саламаттык сактоо уюмунун тийиштүү кызмат адамы менен макулдашуу боюнча, эгер ал пациенттин өмүрүнө жана айланасындагылардын өмүрүнө коркунуч келтирбесе, пациент саламаттык сактоо уюмунун ички тартибин же көрсөтмөсүн сактабаган учурларда, пациентти кароодон жана дарылоодон баш тарта алат. Пациенттин туугандары өзүнүн мүнөзү боюнча Д. д-дин кесиптик милдеттеринин чөйрөсүнө кирген маселелерге негизсиз кийлигишүүгө укуктары жок.
Ооруга, жарага дары болуучу касиети бар, дары жасоого жарарлык, дарылоого боло турган. Балдын дарылык касиети бар («Ден соолук»). Бээнин сүтүнүн дарылыгы бар.
1. Дарым жолу менен эмдеп-домдоо. Ушуну менен дарымдап койбосом чочуп калдым («Советтик Кыргызстан»). 2. сүйл. Жалпы эле дарылоо. Врач Дадашовду күндүр-түндүр дарымдап, жан алакетке түшүп жүрөт (Бектенов).
адаб. Адам ооруганда, аны жылан же кара курт чакканда, башка бир кеселге же кырсыкка дуушарланганда айыктыруу же ууну, дартты чыгаруу үчүн атайын дарымчы адамдар тарабынан аткарылчу ырлар. Жылан чакканда айтылуучу дарым: «Кереч, кереч, кер жылан, Керегедей бир жылан. ...Чоң атаңда доом бар, Доолашайын бери чык. ...Ажыдаардай ак жылан, Арбашайын бери чык!» (Элдик ыр).
понуд. отдарымда-; бирөөнү жылан чакса же тиши ооруса, ал Орузбайды чакыртып дарымдатат когда кого-нибудь укусит змея или у кого-нибудь заболят зубы, он приказывает позвать Орузбая и поручает ему лечить способом дарым.
Дарымдоо жолу менен эмдөөчү эмчи-домчу. Бакшы, бүбү, тамырчы, Эмчи-домчу күзгүчү, Сууну бүрккөн дарымчы Мекир билет экен деп, Ооруган эл зарылчу (Тоголок Молдо).
дарыя I ир. 1. река (большая); 2. фольк. река; море. дарыя II южн. то же, чтотемир комуз (см.комуз); дарыя как- играть на варгане; дарыя кагып ойнойттор они веселятся (или пляшут), играя на варгане.
зат.1. Жаан-чачын, мөңгү жана булактардан топтолуп, белгилүү нукка түшкөн чоң суунун табигый, үзгүлтүксүз агымы, чоң өзөн суу. Сыр дарыя. Нарын дарыя. Дарыянын шаркыраганы Касейиндин үнүн угузбай кетет (Сыдыкбеков).
2.өт. Мол, түгөнгүс, эң көп. Илим деген дарыя, Кече албасаң, агасың. Жол башчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»).
1. Чоң агын суу, чоң өзөн. Дарыянын шаркыраганы Касейиндин үнүн угузбай кетет (Сыдыкбеков). Одер дарыясынан бирге өтүшкөн жоокерлер күлүмсүрөшүп бирин-бири карашты (Сасыкбаев). 2. өт. Мол, түгөнгүс, эң көп. Илим деген дарыя, Кече албасаң агасың («Жазгыч акындар»). Жолбашчыбыз партия, Акылы мол дарыя («Жазгыч акындар»).