дары
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1. Ооруга даба болуу, айыктыруу максатына ылайык түрлүүчө жолдор менен даярдалган зат. Ким деген доктор дарылады, кандай дары берди? (Бейшеналиев). Култайдын жарасына дары таап келүүгө кичүү баласы Ошко кеткен (Абдукаримов).
2. өт. Даба, айла, себеп. Тапсаңчы жүрөк дарысын (Аалы). Билсең Кычандын дарысын таптык (Бейшеналиев).
♦ Дары-дармек — медикамент, дарылоочу каражаттар. Дары-дармек болчу чөптөр жатат, Тоо кыдырып басканда (Тоголок Молдо). Фельдшер күнүгө бир келип, Лиданы. карап, дары-дармегин берүүчү болду (Жантөшев).
ДАРЫ II зат. Атылуучу куралдардын (мис., мылтыктын) заряддарын, окторун даярдоого колдонула турган жарылгыч зат. Саадакта огум түгөндү, Күпсүрдө дарым күбүлдү («Семетей»). Шахтёрлор мылтык дарысын салып, милте коюшту (Сасыкбаев).